Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2007-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган «Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС» долбоору жөнүндө гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 21-декабры № 610
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда
2007-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган
"Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору
жөнүндө гранттык макулдашууну (Атайын операциялар)
ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык жана
мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республика-
сынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нор-
мативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда
2007-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Региондук жол
коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору жөнүндө гранттык макулдашуу-
ну (Атайын операциялар) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2008-жылдын 11-январында-
гы № 58-IV "Бишкек шаарында 2007-жылдын 31-октябрында кол коюлган Кыр-
гыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "БАРЭКтин
региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча" долбоору боюнча Гранттык ма-
кулдашууну (Атайын операциялар) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу" токтому
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы № 2 "Бишкек шаа-
рында 2007-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктү-
рүү банкынын ортосунда кол коюлган "Региондук жол коридорун жакшыртуу
боюнча ЦАРЭС" долбоору жөнүндө Гранттык макулдашууну (Атайын операция-
лар) ратификациялоо тууралу" Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кыргыз Республика-
сынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоору
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
милдетин аткарып жаткан биринчи
вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда
2007-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган
"Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору
жөнүндө гранттык макулдашууну (Атайын операциялар)
ратификациялоо тууралуу
1-статья.
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда
2007-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Региондук жол
коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору жөнүндө гранттык макулдашуу
(Атайын операциялар) ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Азиялык өнүктүрүү банкына Кыргыз
Республикасы жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн
зарыл мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген
тартипте билдирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаарында 2007-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда кол коюлган "Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору…Закон · 25.01.2008 · № 2
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон