# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 607 Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 31-июлундагы № 348 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 607 Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 31-июлундагы № 348 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 607
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58789>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12516/edition/327960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58789.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 607 Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 31-июлундагы № 348 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (21.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58789

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 21-декабры № 607

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери

жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча

чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1996-жылдын 31-июлундагы № 348

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин социалдык жењилдиктер-

ди берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук

актыларына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгек-

чилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча ча-

ралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 31-июлун-

дагы № 348 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минист-

рлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-

ги, Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары ми-

нистрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз

Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасы-

нын Маданият жана маалымат министрлиги менен бирдикте согуштун, Курал-

дуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери үчүн "Согуштун, Ку-

ралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамында белгиленген жењилдиктерди берүүнү толук

көлөмдө жүзөгө ашырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюд-

жеттин каражаттарынын эсебинен жогоруда аталган Мыйзам менен белгилен-

ген жењилдиктерди жана гарантияларды берүүгө чыгымдарды жыл сайын кара-

сын.

Республикалык бюджеттин эсебинен жењилдиктерди берүү Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек жана со-

циалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык жактан коргоонун аймактык

башкармалыктары аркылуу жүргүзүлсүн.";

- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"14. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек менен Ош

шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Улуу Ата-Мекендик

согуштун каза болгон майыптарынын жана катышуучуларынын сөөгүн аскердик

урмат менен коюуну жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жана алар (мар-

кумдар) иштеп кеткен ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын эсеби-

нен, ал эми каза болгон Кыргыз Республикасынын Баатырларынын, Советтер

Союзунун Баатырларынын жана баардык үч даражадагы Дањк ордени менен

сыйланган адамдардын сөөгүн аскердик урмат менен коюуну жана мүрзөсүнө

эстелик орнотууну жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргү-

зүшсүн.";

- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"16. "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эм-

гекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамда жана ушул токтом ме-

нен белгиленген жењилдиктерди жана гарантияларды берүү боюнча министр-

ликтердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек ме-

нен Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин

координациялоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү

министрлигине жүктөлсүн.";

- 3-13, 15-пункттар жана 17-пунктунун төртүнчү абзацы алып салын-

сын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгек-

чилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча ча-

ралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 31-июлун-

дагы № 348 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 29-сентябрындагы № 570

токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр-

дү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын

22-апрелиндеги № 213 токтому.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
