# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 606 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 606 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 606
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58788>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12515/edition/327959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58788.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 606 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58788

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 21-декабры № 606

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары

жана Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри-

нин орун басары аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү

болуп дайындалышсын.

Премьер-министрдин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоо

киргизүү тууралуу

1-статья.

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1997-ж., N 3, 126-ст.)

төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

9-статьяда:

- биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы абзац менен

толукталсын:

"- аскердик багыттагы продукцияны жана кызматтарды иштеп чыгуу,

чыгаруу жана сатуу;";

- статья төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү: аскердик багыттагы продукция деп төмөнкүлөр түшүнүлөт

куралдануу, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер,

интеллектуалдык ишмердиктин жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын мый-

замдары менен аскердик багыттагы продукцияга киргизилген аскердик-тех-

никалык жагындагы маалыматтар. Аскердик багыттагы кызмат көрсөтүү деп

төмөнкүлөр түшүнүлөт - ремонт, модернизациялоо боюнча иш, куралдарды,

аскердик техниканы утилдештирүү, ошондой эле ташуу, жеткирүү жана сак-

тоо.".

2-статья.

Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө

кирет.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
