# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 605 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 605 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 605
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58787>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12514/edition/327958/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58787.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 605 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58787

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 21-декабры № 605

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун

кайра сурап алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан 2007-жылдын 6-сен-

тябрында кароонун жыйынтыгы боюнча "Кыргыз Республикасынын жарандарынын

ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

кабыл алынбай калган.

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо кир-

гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жогоруда

көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун ишке ашырууга жибе-

рилгендиктен улам кароосуз калтырылган.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын 32-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"

жана "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо кир-

гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-октябрындагы № 710 токтому-

на ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна жиберилген

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинен кайра сурап алынсын.

2. "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"

жана "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо кир-

гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-октябрындагы № 710 токтому-

на төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Рес-

публикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жөнүндө";

- токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацы алып салынсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
