# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-декабрындагы № 596 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-декабрындагы № 596 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 596
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58778>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12507/edition/327950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58778.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-декабрындагы № 596 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58778

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 17-декабры № 596

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрайымы (макулдашуу

боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дай-

ындалсын.

Премьер-министрдин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоо киргизүү тууралуу

1-статья.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,

1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

23-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен то-

лукталсын:

"Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана кармоо төлөмдөрдүн булак-

тарынан жүргүзүлөт.".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-

йык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
