# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 590"Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрдү жана квартираларды ажыратып берүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 590"Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрдү жана квартираларды ажыратып берүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 590
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58772>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12502/edition/478744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58772.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 590"Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрдү жана квартираларды ажыратып берүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы № 82 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому (28.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58772

---

КР 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 643

токмунун редакциясына ылайык

КУЧУН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 13-декабры № 590

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк

юридикалык жактарга жана жеке адамдарга турак

жай фондунан турак үйлөрдү жана квартираларды

ажыратып берүү боюнча комиссия жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы

№ 82 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун редакциясына ылайык

2008-жылдын 6-июнундагы № 273)

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактарга

жана жеке адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрдү жана квартираларды

ажыратып берүү боюнча комиссиянын иш-аракетин тартипке келтирүү макса-

тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-февралындагы №

82 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө-

лүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга турак жай фондунан турак

үйлөрдү жана квартираларды ажыратып берүү боюнча комиссия жөнүндө жобо-

го төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакция-

да берилсин:

"Комиссияны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

статс-катчысы же болбосо Кыргыз Республикасынын юстиция министринин

орун басары жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын юстиция министри

аныктайт.";

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Комиссия 5 адам курамында Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-

нистрлигинин алдында түзүлөт. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасы-

нын Ички иштер министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-

нистрлигинен жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук

комитетинен бирден өкүл кирет. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасы-

нын юстиция министринин буйругу менен бекитилет.";

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2008-жылдын 1-июлуна

чейинки мөөнөттө Комиссиянын ишин жөнгө салуучу Жобону өркүндөтүү

боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

кароосуна киргизсин.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 273

токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министрдин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
