# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Ысыккөл чегара отрядынын "Карасай" чегара заставасына генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Ысыккөл чегара отрядынын "Карасай" чегара заставасына генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 589
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58771>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12501/edition/654947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58771.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Ысыккөл чегара отрядынын "Карасай" чегара заставасына генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (17.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58771

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 13-декабры № 589 Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын "Карасай" чегара заставасына генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун ысымын ыйгаруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2015-жылдын 17-июну № 371 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздугун чыңдоо ишиндеги орчундуу салымы жана жаш муундарга аскердик-патриоттук тарбия бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын "Карасай" чегара заставасына генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун ысымы ыйгарылсын жана мындан ары ал "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысыккөл чегара отрядынын генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов атындагы "Карасай" чегара заставасы" деп аталсын.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-июну № 371 токтомдун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу

И.Айдаралиев
