# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535 "Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535 "Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 588
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58770>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12500/edition/389796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58770.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535 "Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58770

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 13-декабры № 588

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

24-июлундагы № 535 "Турак жай-коммуналдык

кызматтарга жана энергия булактарына акы

төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө

жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

тууралуу

Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы

төлөөгө жењилдиктерди берүү механизмдерин өркүндөтүү максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535

"Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө

акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Бишкек шаарында жашаган жарандарды кошпогондо, бул токтомдун

тиркемесинде көрсөтүлгөн жарандардын бардык категорияларына ай сайын

акчалай компенсация төлөө 2008-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү

түрдө жүргүзүлсүн.

Бишкек шаарында жашаган жарандарга акчалай компенсация төлөө алар-

дын каалоосу менен жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт.";

- 3-пунктта "экономика жана" деген сөздөр алып салынсын;

- 4-пунктта:

"социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр

менен алмаштырылсын;

"экономика жана" деген сөздөр алып салынсын;

- 6-пункттагы "Премьер-министрдин Аппаратынын социалдык жана мада-

ний өнүктүрүү башкармалыгы" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын социал-

дык өнүктүрүү бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Бул токтом 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
