Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535 „Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 декабря 2009 года №795 "О выплате ежемесячных денежных компенсаций взамен льгот"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-12-22.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 13-декабры № 588
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
24-июлундагы № 535 "Турак жай-коммуналдык
кызматтарга жана энергия булактарына акы
төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө
жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу
Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы
төлөөгө жењилдиктерди берүү механизмдерин өркүндөтүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535
"Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө
акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Бишкек шаарында жашаган жарандарды кошпогондо, бул токтомдун
тиркемесинде көрсөтүлгөн жарандардын бардык категорияларына ай сайын
акчалай компенсация төлөө 2008-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү
түрдө жүргүзүлсүн.
Бишкек шаарында жашаган жарандарга акчалай компенсация төлөө алар-
дын каалоосу менен жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт.";
- 3-пунктта "экономика жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктта:
"социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
"экономика жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пункттагы "Премьер-министрдин Аппаратынын социалдык жана мада-
ний өнүктүрүү башкармалыгы" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын социал-
дык өнүктүрүү бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтом 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
милдетин аткарып жаткан биринчи
вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2009 · № 795
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535 " Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө"…Постановление · 24.07.2006 · № 535 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2009 · № 795
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535 " Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө"…Постановление · 24.07.2006 · № 535 · Күчүн жоготкон