# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 586
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58767>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12498/edition/517004/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58767.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери" токтому (19.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58767

---

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 164 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 13-декабры № 586 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомунун 2-пунктуна ылайык жана энергетика тармагын илимий-техникалык жактан натыйжалуу камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борбору Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борбору болуп өзгөртүп түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борбору жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борборуна энергетика тармагында мамлекеттик мааниге ээ артыкчылыктуу илимий-изилдөөчү иштерди аткаруу тапшырылсын.

4. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 5-августундагы № 359 "Кыргыз илимий-изилдөөчү энергетика институтун Кыргызстандын энергетика боюнча илимий-техникалык борборуна "Энергия" КЭИТБ) айландыруу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргызстандын энергетика боюнча илимий-техникалык борбору ("Энергия" КЭИТБ) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу

И.Айдаралиев
