Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери“ жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 декабря 2009 года №757 "О Государственном агентстве физической культуры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-12-15.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 13-декабры № 585
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
20-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын
иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик
агенттиктин маселелери" жөнүндө токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211
"Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин,
администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка орган-
дарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды тү-
зүү маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдар-
ды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо ушул токтомдун тир-
кемесине ылайык баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
милдетин аткарып жаткан биринчи
вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 13-декабрындагы
N 585 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене
тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды
коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
ЖОБО
I. Негизги жоболор
II. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери
III. Мамлекеттик агенттиктин функциялары
IV. Мамлекеттик агенттиктин укуктары
V. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
VI. Мамлекеттик агенттикти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу
I. Негизги жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана
спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-
тик (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) аткаруу бийлигинин дене тарбия
жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо чөйрөсүндө мамлекет-
тик саясатты жүргүзүү боюнча функцияларды аткаруучу органы болот.
1.2. Мамлекеттик агенттик өзүнүн ишин мамлекеттик бийликтин жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, коомдук бирикмелер жана
башка уюмдар менен өз ара байланышта Кыргыз Республикасынын Конституци-
ясына, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, Кыргыз Респуб-
ликасынын башка нормативдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы ка-
тышкан жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга,
ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
1.3. Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратын, анын аймактык
органдарын жана ведомстволук уюмдарын кармоого чыгымдар мамлекеттик
бюджеттин эсебинен каржыланат.
1.4. Мамлекеттик агенттиктин имараттары, козголмо жана козголбос
мүлкү мамлекеттик менчикте болот, мамлекеттен ажыратууга жана менчик-
тештирүүгө болбойт.
1.5. Мамлекеттик агенттик юридикалык жак болот, Кыргыз Республика-
сынын Мамлекеттик герби тартылган мөөрү, аталышы мамлекеттик жана рас-
мий тилдерде жазылган башка мөөрлөрү жана штамптары болот.
1.6. Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын структурасы жа-
на штаттык саны жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу
менен бекитилет.
II. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери
2.1. Мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын дене тарбия жана спорт, балдардын жана жаштардын укукта-
рын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдардын коргоо жагындагы иштерин
координациялоо;
- дене тарбия жана спорттун материалдык-техникалык базасын (жай-
гашкан объекттерин жана алардын инфраструктурасын) бюджеттик каражат-
тардын жана эл аралык донор уюмдардын каражаттарынын эсебинен өнүктү-
рүү;
- дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо
чөйрөсүндө эл аралык байланыштарды жүргүзүү;
- спорттун ар кандай түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама
командаларын даярдоонун рационалдуу жана илимий негизделген системасын
түзүү;
- дене тарбияны жана спортту, балдардын жана жаштардын укуктарын,
эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдардын коргоо ишин өнүктүрүү макса-
тында маалыматтык-жарнамалык жана пропагандалык иш-чараларды жүргүзүү;
- дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн
ыњгайлуу шарттарды түзүү;
- балдардын укуктары жөнүндө, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун
Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын жоболору жана Кыргыз Республи-
касы катышкан башка эл аралык макулдашуулар жөнүндө коомчулукка маалым-
доо;
- балдардын жана жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жана өз алдынча
жашоого үйрөтүүнүн социалдык программаларын жана долбоорлорун ишке ашы-
руу, социалдык-экономикалык, маданий, демографиялык жана башка өзгөчө-
лүктөрдү эске алуу менен балдардын жана жаш жарандардын укуктарын жана
мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуу;
- жаштардын ишкердигин өнүктүрүү жана демилгелерин ишке ашыруу
үчүн шарттарды түзүү;
- жаштар үчүн маалыматтык-билим берүүчү жана башка инфраструктура-
ны өнүктүрүүгө шарт түзүү;
- балдардын жана жаштардын укуктарын ишке ашырууга арналган прог-
раммаларды жана долбоорлорду каржылоо үчүн инвестициялар менен грант-
тарды тартуу;
- балдарды жана жаштарды патриоттук жана рухий-адеп-ахлактык тар-
биялоого, интеллектуалдык, чыгармачылык жана дене-бой жагынан өнүктү-
рүүгө арналган программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, билим берүү
чөйрөсүнө, балдар жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн жаратууга
көмөктөшүү;
- жаштардын иш менен камсыздалышына жана ишке орношуусуна көмөктө-
шүү;
- үй-бүлө жана бала институтун чыњдоо;
- балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын
коргоо боюнча иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик
колдоо көргөзүү.
III. Мамлекеттик агенттиктин функциялары
3.1. Мамлекеттик агенттик ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөн-
күдөй функцияларды аткарат:
3.1.1. Тармактык саясат функциялары:
- дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо
чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын стратегиясын иштеп чыгуу боюнча сунуш-
тарды даярдайт;
- дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо
боюнча программаларды координациялык-усулдук камсыздоо жана жүзөгө ашы-
руу иштерин уюштурат;
- Мамлекеттик агенттиктин карамагындагы маселелер боюнча мыйзам-
дардын жана башка нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чы-
гат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана
башка тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте калктын
ар кандай категорияларын, алардын ичинде жалпы билим берүүчү, баштал-
гыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарда окугандардын де-
не-бой даярдыгын аныктоо үчүн нормативдерди иштеп чыгат жана бекитет;
- мамлекеттик стипендияларды чектөө үчүн эњ күчтүү спортсмендерди
тандоонун тартибин жана критерийлерин аныктайт;
- тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекет-
тик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,
республиканын коомдук уюмдары менен бирдикте спорттук-ден соолукту чыњ-
доочу туризмди жана альпинизмди өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана
критерийлерин иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- республикада дене тарбия жана спортту, жаштардын иштерин жана
балдарды коргоону өнүктүрүү боюнча негизги багыттарды аныктайт жана иш-
ке ашырат;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө нормативдерди жана стандарт-
тарды белгиленген тартипте иштеп чыгат жана бекитет;
- дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо
чөйрөсүндө иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү квалифи-
кациялык талаптарын жана нормаларын иштеп чыгат;
- тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администра-
циялык ведомстволор менен бирдикте спорттук товарларды жана кызмат
көрсөтүүлөрдү классификациялоонун, стандартташтыруунун жана сертификат-
тоонун бирдиктүү мамлекеттик системасын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирдик-
те дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо тарма-
гында статистикалык отчеттуулуктун формаларын өркүндөтүү боюнча сунуш-
тарды иштеп чыгат;
- республиканын аймагында жана анын чегинен сырткаркы жактарда өт-
көрүлүүчү дене тарбиялык жана спорттук иш-чараларга катышуучулардын чы-
гымдарынын нормаларын жана мамлекеттик бюджетте каралган каражаттардын
эсебинен материалдык жактан камсыздоону тиешелүү уюмдар менен бирдикте
белгиленген тартипте иштеп чыгат жана бекитет;
- дене тарбия жана спорттун өнүгүүсүнө комплекстүү талдоо жүргүзөт
жана болжолдойт;
- спорттук сыйлоо атрибуттарын, ошондой эле Окутуучу-машыктыруучу-
ларга, инструктор-методисттерге квалификациялык категорияларды ыйгаруу
жөнүндө жобону иштеп чыгат жана бекитет;
- Республикалык дене тарбиялык жана ден соолук чындоочу, спорттук
иш-чаралардын, эл аралык мелдештердин жана окутуу-машыктыруу жыйындар-
дын бирдиктүү календардык планын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык иштеп чыгат жана бекитет;
- спорттун түрлөрү боюнча республикалык чемпионаттарды, эл аралык
спорттук мелдештерди өткөрүү жөнүндө жоболорду иштеп чыгат жана беки-
тет;
- спорттук наамдарды ыйгаруу жөнүндө жоболорду иштеп чыгат жана
бекитет, ошондой эле ушул наамдарды ыйгарат;
- федерациялардын жана ынтызар спорттук уюмдардын сунуштары боюнча
республикалык бирдиктүү спорттук классификацияны иштеп чыгат жана беки-
тет, спорттун жањы түрлөрүн жана спорттук сабактарды дене тарбиянын
мамлекеттик программаларына киргизүү жөнүндө маселелерди белгиленген
тартипте карайт;
- балдарга социалдык кызмат көргөзүү боюнча мамлекеттик минималдуу
стандарттарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн беки-
түүсүнө берет, алардын сакталышына мониторинг жүргүзөт жана алардын
маанисин түшүндүрөт;
- республиканын курама командаларынын спортсмендерине, машыктыруу-
чуларына, республиканын улуттук курама командаларынын машыктыруучулары-
на эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө сунуштарды, ошондой эле дене
тарбия жана спорт тармагындагы адистиктер жана кызмат орундар боюнча
тарифтик-квалификациялык мүнөздөмөлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгат;
- жогорку класстагы спортсмендердин спорттук резервин, спорттун
улуттук түрлөрү боюнча улуттук курама командаларды эл аралык мелдештер-
ге, Дүйнөнүн жана Азиянын чемпионаттарына, Олимпиада, Параолимпиада жа-
на Азия оюндарына даярдоо үчүн ишти координациялайт;
- Мамлекеттик агенттиктин карамагына берилген маселелер боюнча че-
чимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- жаштар арасындагы социалдык процесстерге талдоо жүргүзөт.
3.1.2. Жөнгө салуу функциялары:
- спорттун түрлөрү боюнча улуттук рекорддорду белгиленген тартипте
бекитет, спорттук наамдардын, разряддардын жана категориялардын мамле-
кеттик системасын, аларды ыйгаруу жана андан ажыратуу тартибин анык-
тайт;
- мамлекеттик спорт мектептерине тийиштүү категорияларды ыйгарат;
- белгиленген тартипте спортсмендерге аттестация жүргүзөт, спорт-
тук наамдарды, машыктыруучулук категорияларды ыйгарат, республикалык
мелдештердин жењүүчүлөрүн сыйлайт;
- спорттук инвентарды жана жабдууларды стандартташтырууну сертифи-
каттоону өркүндөтүүгө, дене тарбия жана спорт тармагындагы нормаларды
жана эрежелерди иштеп чыгууга катышат.
3.1.3. Координациялоо, контролдоо жана мониторингдөө функциялары:
- тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор жана илимий мекемелер менен бирдикте дене тарбия жана
спорт, жаштар жана балдар проблемалары боюнча ведомстволор аралык ко-
миссияларды, координациялык жана эксперттик кењештерди, ошондой эле
убактылуу чыгармачыл коллективдерди жана жумушчу топторду түзөт;
- дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо
боюнча ведомстволук жана аймактык органдардын иштерин контролдойт;
- дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо
боюнча аймактык органдарга усулдук, практикалык жардам көрсөтөт;
- майыптар жана ден соолугу начар адамдардын арасында жүргүзүлүүчү
дене тарбиялык-спорттук ишти координациялайт;
- дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо
чөйрөсүндө мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын жана жакынкы чет мамлекеттердин мамлекет-
тик жана коомдук жаштар уюмдары менен жаштардын проблемаларын чечүүдө
кызматташат.
3.1.4. Кызмат көрсөтүү функциялары:
- белгиленген тартипте эл аралык, республикалык, дене тарбия-
лык-ден соолукту чыњдоочу, спорттук-массалык, квалификациялык мелдеш-
терди, ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө байланыштуу
илимий-практикалык конференцияларды, башка иш-чараларды республикалык
жана эл аралык спорттук иш-чаралардын жењүүчүлөрүнүн жана байгечилерин
сыйлоо менен уюштурат жана өткөрөт;
- спорттун түрлөрү боюнча улуттук курама командалардын мүчөлөрү
үчүн окутуучу-машыктыруучу жыйындарды уюштурат жана өткөрөт;
- республиканын улуттук курама командаларына мүчө спортсмендердин
эл аралык мелдештерге катышуусун камсыз кылат;
- региондук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен балдарды коргоо тарма-
гында кызмат көргөзүүнүн мамлекеттик минималдуу стандарттарын иштеп чы-
гат.
3.1.5. Колдоо көрсөтүү функциялары:
- дене тарбия жана спорт тармагында маалыматтык камсыздоо система-
сын эл аралык нормаларга ылайык өркүндөтөт;
- калктын ден соолугун чыњдоочу дене тарбияны, балдар жана
өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүнүн илимий негизделген системасын түзөт;
- тике инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен дене тарбия
жана спорт тармагында эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын спорттук субъекттеринин, балдардын жана
жаштардын коомдук бирикмелеринин мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- сергек жашоо мүнөзүн жайылтууну кошо алганда, дене тарбия, спорт
чөйрөсүндө маалыматтык-жарнамалык жана басма иштерин жүргүзүүгө каты-
шат;
- белгиленген тартипте эл аралык, региондор аралык жана республи-
калык дене тарбиялык-ден соолукту чыњдоочу, спорттук-массалык иш-чара-
ларды (фестивалдар, конкурстар, мелдештер, олимпиадалар, спартакиада-
лар, туриадалар, альпиниадалар жана башка), ошондой эле иштиктүү жана
илимий симпозиумдарды, конференцияларды жана Кыргыз Республикасында де-
не тарбия жана спортту өнүктүрүүгө байланышкан башка иш-чараларды уюш-
турат жана өткөрөт;
- дене тарбия жана спорт тармагында кадрларды даярдоону, кайра да-
ярдоону жана квалификацияларын жогорулатууну камсыз кылат;
- спорттун түрлөрү боюнча республиканын курама командаларын түзөт
жана аларды эл аралык таймаштарга, Азиянын жана Дүйнөнүн чемпионаттары-
на, Олимпиада, Параолимпиада жана Азия оюндарына катышууга даярдайт,
окутуу-машыгуу жыйындарын уюштурат жана өткөрөт;
- курама командалардын эл аралык спорттук иш-чараларга даярдануу-
сун жана катышуусун республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсе-
бинен жана анын чектеринде каржылайт;
- тиешелүү спорттук уюмдар менен бирдикте спорттук резервди даяр-
доону жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын курама командаларынын рес-
публикалык, эл аралык мелдештерге, Азиянын жана Дүйнөнүн чемпионаттары-
на, Олимпиада, Параолимпиада жана Азия оюндарына ийгиликтүү катышуусуна
шарттарды түзөт;
- ведомстволук спорттук мектептерден жана борборлордон спорттун
олимпиадалык түрлөрү боюнча келечектүү спортсмендерди резервге алуу жа-
на даярдоо планын аныктайт жана бекитет, ошондой эле берилген ыйгарым
укуктарынын чегинде алардын иштерине медициналык тейлөө боюнча көмөк
көргөзөт;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бир-
дикте спорттук медицинанын өнүгүшүнө көмөктөшөт, спортто допингди пай-
даланууга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга катышат;
- алдыњкы маалыматтык технологияларды колдонуу менен маалымат ба-
засын түзүү, топтоо, жалпылоо жана классификациялоо боюнча иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери, мамлекеттик ко-
митеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка ор-
гандары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдары, ошондой эле эл аралык уюм-
дар жана алардын өкүлчүлүктөрү менен бирдикте балдар жана жаштар үчүн
социалдык кызматтардын борборлорунун тармагын өнүктүрүү ишин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жайгашкан жана ошондой эле
чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында жайгашкан жаштар уюмдарынын
өкүлдөрүнүн таламдарын коргоого көмөктөшөт;
- белгиленген тартипте эл аралык, региондук жана республикалык
жаштар иш-чараларын (көргөзмөлөрдү, жармањкелерди, фестивалдарды, кон-
курстарды, эмгек биржаларын, мелдештерди, олимпиадаларды, оюндарды),
ошондой эле иштиктүү жана илимий симпозиумдарды, конференцияларды жана
жаштардын иштери менен байланышкан башка иш-чараларды уюштурат жана өт-
көрөт;
- спортсмендерди комплекстүү тейлөөчү, анын ичинде алардын өмүрүн
жана ден соолугун камсыздандырууну, спорттук товарларды, шаймандарды,
жабдууларды жана сувенирлерди сатып алууну ишке ашыруучу спорттук уюм-
дарды белгиленген тартипте түзөт;
- спорттук уюмдардын, спорттун түрлөрү боюнча федерациялардын жана
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жайгашкан спортсмен жарандардын
кызыкчылыктарын мыйзамдык жактан коргойт;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирдик-
те спорттук, жаштар жана балдар уюмдарынын ар жылдык статистикалык эсе-
бин жүргүзөт;
- тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекет-
тик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ме-
нен бирдикте дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн чет өлкөлүк инвес-
тицияларды тартууга ыњгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды иштеп
чыгат жана аларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
киргизет;
- спорттук уюмдар (федерациялар, ассоциациялар) менен биргелешип
иш жүргүзөт;
- тиешелүү уюмдар менен бирдикте дене тарбия жана спорт тармагын-
дагы илимий изилдөө базасын өнүктүрөт, дене тарбия жана спорт тармагын-
дагы иштерди илимий-методикалык жактан камсыздоо системасын өркүндөтөт;
- дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо
чөйрөсүндө илим менен техниканын жетишкендиктерин, чет өлкөлүк жана ата
мекендик тажрыйбаларды колдонууга киргизүү чараларын көрөт;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө илимий-техникалык жана билим
берүү потенциалын сактоого жана өнүктүрүүгө чара көрөт;
- үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдүн ишинин жылдык
пландарын бекитет;
- дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо
тармагында, методикалык материалдарды иштеп чыгууну кошо алганда, или-
мий изилдөөлөрдү каржылоо ишин жүргүзөт;
- спорттук даярдоо борборлорун, дене тарбия жана спорт тармагында
республикалык маанидеги билим берүү мекемелери менен илимий уюмдарды,
спорттун ар кандай түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар (резер-
вдик) курама командаларын даярдоону (илимий-методикалык жана медицина-
лык камсыздоону кошо алганда) жана алардын расмий эл аралык спорттук
мелдештерге катышуусун каржылоо ишин жүргүзөт;
- бекитилген нормативдерди аткарган спортсмендердин тизмесин беки-
тет;
- кадрлардын эсебин алуу, статистикалык отчетторду түзүү жана тал-
доо боюнча иш жүргүзөт жана кадрлардын резервин түзөт;
- жарандарды кабыл алат, жарандардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү
кайрылууларын өз убагында жана толук кароону камсыз кылат, алар боюнча
чечим кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
мөөнөттөрдө жооп берет.
IV. Мамлекеттик агенттиктин укуктары
4.1. Жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Мамле-
кеттик агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык
ведомстволордон, аткаруу бийлигинин башка органдарынан, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардан жана уюштуруу-укуктук формасына кара-
бастан башка юридикалык жактардан дене тарбия жана спорт, жаштардын иш-
тери жана балдарды коргоо маселелери боюнча материалдар менен маалымат-
тарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эл аралык де-
не тарбиялык-спорттук, жаштар жана балдар уюмдарында Кыргыз Республика-
сынын таламдарын көрсөтүүгө;
- Мамлекеттик агенттиктин карамагындагы уюмдарды белгиленген тар-
типке ылайык өзгөртүп кайра түзүүгө жана жоюуга;
- спорттун түрлөрү боюнча улуттук курама командалардын мүчөсү бол-
гон спортсмендер менен өз ара милдеттенмелер жөнүндө келишимдерди
(контракттарды) түзүүгө, спорттук натыйжаларын эске алуу менен спорт-
смендерди акчалай каржылоо (стипендия, сыйлык) өлчөмдөрүн аныктоого;
- консультацияларды алуу Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына
кирген маселелерди жана иликтөө үчүн, чет өлкөлүктөрдү кошо алганда,
илимий мекемелерди, адистерди, эксперттерди жана окумуштууларды кели-
шимдик негизде ишке тартууга;
- Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо тармагындагы мыйзамдарын
бузгандык боюнча материалдарды зарыл учурда укук коргоо органдарына жи-
берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билим
берүү иштерин жүргүзүүгө;
- аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
рынын нормативдик укуктук актыларына балдардын укуктарын коргоо тарма-
гындагы эл аралык документтерге ылайыктуулугу боюнча экспертиза жүргү-
зүүгө;
- коллегиянын жыйындарында Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына
кирген маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, чарбакер субъекттердин, уюмдар-
дын жана мекемелердин жетекчилерин угууга;
- белгиленген тартипте министрликтерден, мамлекеттик комитеттер-
ден, администрациялык ведомстволордон, аткаруу бийлигинин башка орган-
дарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарынан балдар жөнүндө маалыматтарды таанышуу
үчүн алууга;
- гранттык негизде финансылык жана техникалык жардам көрсөтүүчү эл
аралык жана мамлекеттик эмес уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
- катуу сактагычтарда да, жана Мамлекеттик агенттиктин веб-сайтын-
да электрондук түрүндө да пресс-релиздерди жана маалыматтык жыйнактарды
жарыялоого;
- сот органдарына доо арыз менен кайрылууга жана сотко катышууга;
- мыйзамда белгиленген тартипте эл аралык уюмдарда Кыргыз Респуб-
ликасынын кызыкчылыгын коргоого.
V. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
5.1. Мамлекеттик агенттикке директор башчылык кылат, ал Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын
Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
5.2. Мамлекеттик агенттикте статс-катчынын эњ жогорку мамлекеттик
администрациялык кызмат орду болот. Статс-катчынын функциялары жана ый-
гарым укуктары мамлекеттик кызмат боюнча кењеште бекитилчү Мамлекеттик
органдын статс-катчысы жөнүндө жобо менен аныкталат. Директор тарабынан
статс-катчыга башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу да тап-
шырылышы мүмкүн.
5.3. Директордун бир орун басары болот. Директордун орун басары
кызмат ордуна Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри тарабынын дайындалат жана бошотулат.
Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары түздөн-түз директорго
баш ийет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамлекеттик агент-
тиктин ишин уюштурат.
5.4. Директор:
- Мамлекеттик агенттиктин ишин жетектейт жана Мамлекеттик агент-
тикке жүктөлгөн функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- статс-катчынын жана директордун орун басарынын ортосунда милдет-
терди бөлүштүрөт;
- өз компетенциясынын чектеринде Мамлекеттик агенттиктин жана ага
караштуу ведомстволук уюмдардын жана мекемелердин бардык кызмат адамда-
рынын аткарышы милдетүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет
жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Мамлекеттик агенттиктин карамагындагы ведомстволук органдардын
жана мекемелердин Жоболорун, структураларын жана штаттык сандарын Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген штаттык сандын чегинде бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Жаштар иши боюнча департамент
жөнүндө жана Балдарды коргоо боюнча департамент жөнүндө жоболордун дол-
боорлорун бекитүүгө берет;
- Жаштар иши боюнча департаменттин жана Балдарды коргоо боюнча де-
партаменттин структурасын жана штаттык санын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө дене тарбияны жана спортту
өнүктүрүү, жаштар иши жана балдарды коргоо маселелери боюнча мамлекет-
тик саясатты ишке ашырууга ассигнованиелер жөнүндө сунуштарды берет,
бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын контролдойт;
- "Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбор" жана "Баш-
кы спорттук арена" мамлекеттик ишканалардын жетекчилик кызматтарына
кандидатураларды Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дай-
ындоо үчүн сунуш кылат;
- "Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбор" жана "Баш-
кы спорттук арена" мамлекеттик ишканалардын уставдарынын долбоорлорун
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүү үчүн берет;
- "Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбор" жана "Баш-
кы спорттук арена" мамлекеттик ишканалардын жетекчилери менен Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгектик келишимдерди түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоо үчүн
Жаштар иши боюнча департаменттин директорунун жана Балдарды коргоо бо-
юнча департаменттин директорунун кызмат орундарына талапкерлерди белги-
ленген тартипте сунуш кылат;
- Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлерин,
анын ичинде келишимдик негизде, ишке дайындайт жана андан бошотот. Мам-
лекеттик агенттиктин статс-катчысынын сунушу боюнча борбордук аппарат-
тын жана ведомствого караштуу уюмдардын кызматкерлерине сыйлоо жана
тартиптик жаза чараларын колдонот;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын башчыларына макулдашуу боюнча дене тарбия
жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча аймактык под-
разделениелердин жетекчилеринин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо
боюнча аймактык подразделениелердин жоболорун, структурасын жана штат-
тык санын бекитет;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрация-
лык ведомстволордун жетекчилеринин сунушу боюнча спорттук уюмдардын же-
текчилеринин кызмат орундарына талапкерлерге макулдук берет;
- Мамлекеттик агенттикке караштуу уюмдар менен мекемелердин жетек-
чилерин жана бухгалтерлерин кызматка дайындайт жана бошотот, ал жетек-
чилер менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте,
Мамлекеттик агенттиктин статс-катчысынын сунушу боюнча эмгектик кели-
шимдерди түзөт, өзгөртөт жана аны бузат;
- бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын көлөмүн ведомстволук уюмдардын
жана мекемелердин арасында бөлүштүрөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эл аралык
спорттук, жаштар жана балдар уюмдарында республиканын кызыкчылыгын кор-
гойт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча дене тарбия
жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо тармагындагы кызмат-
таштык тууралуу эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коет;
ар кандай эл аралык спорттук, жаштар жана балдар иш-чараларында респуб-
ликанын атынан чыгат;
- Мамлекеттик агенттиктин структуралык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду
бекитет.
5.5. Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо
чөйрөсүндө орчундуу мааниге ээ маселелерди кароо үчүн Мамлекеттик аген-
ттикте 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына кызмат
орду боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору (коллегиянын төрагасы),
статс-катчы, Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирген
Мамлекеттик агенттиктин коллегия мүчөлөрү Мамлекеттик агенттиктин
директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри та-
рабынын бекитилет.
Коллегия кењешүүчү орган болот жана республикада дене тарбия жана
спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо тармагын өнүктүрүүнүн не-
гизги маселелерин, ошондой эле спорттук наамдарды ыйгаруу жөнүндө су-
нуштарды карайт.
Мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын чечими жыйынга кагышкан кол-
легия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Коллегиянын жыйыны ага мүчөлөрүнүн кеминде 2/3ден аз эмеси катыш-
кан учурда укуктуу болот. Добуштар тењ болуп калган учурда төрагалык
кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
Коллегиянын чечимдери токтомдор түрүндө кабыл алынат жана дирек-
тордун буйруктары менен ишке ашырылат. Коллегиянын ишинин тартиби ди-
ректор тарабынан бекитилчү регламент менен аныкталат.
VI. Мамлекеттик агенттикти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу
6.1. Мамлекеттик агенттикти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 20.04.2007 · № 139
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №757 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 757 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана…Постановление · 06.06.2007 · № 211
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча…Постановление · 20.04.2007 · № 139
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №757 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 757 · Күчүн жоготкон