# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 584 "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда тикелей аэропорттук жыйымдар жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 584 "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда тикелей аэропорттук жыйымдар жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 584
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58765>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12496/edition/908521/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58765.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 584 "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда тикелей аэропорттук жыйымдар жөнүндө" (22.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58765

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 13-декабры № 584

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда

тикелей аэропорттук жыйымдар жөнүндө

"Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун андан ары өнүктүрүү мак-

сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети:

- эл аралык аба линиялары боюнча "Манас" жана "Ош" эл аралык аэро-

портторунан учуп чыгуучу жүргүнчүлөр үчүн АКШнын 10 доллары өлчөмүндө

аэропорттук жыйымды белгилөө жөнүндө маселени "Манас" эл аралык аэро-

порту" ачык акционердик коомунун тиешелүү башкаруу органдарынын кароо-

суна киргизсин;

- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна белгилен-

ген жана алынган аэропорттук жыйымдардан каражаттарды максаттуу пайда-

ланууну камсыз кылуу жана аларды төмөнкүдөй тартипте багыттоо сунуш кы-

лынсын:

- "Манас" эл аралык аэропорту боюнча - мамлекеттик карыздык мил-

деттенмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Эконо-

миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун алдындагы карызын жоюуга;

"Ош" эл аралык аэропорту боюнча - ушул аэропортту техникалык кайра

жабдууга жана реконструкциялоого.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо фонду жөнүндө жо-

бону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997- жылдын

21-апрелиндеги № 235 токтому;

- "Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо фонду жөнүндө жо-

бону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997- жылдын

21-апрелиндеги № 235 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү кирги-

зүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-июнундагы №

323 токтому.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
