# 2007-жылдын 5-декабры № 57 Кыргыз Республикасынын Окмотунун Токтому "2007-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда кол коюлган Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасынын долбоорун даярдоо үчүн PHRD N TF 090315 гранты жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

- Толук аталышы: 2007-жылдын 5-декабры № 57 Кыргыз Республикасынын Окмотунун Токтому "2007-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда кол коюлган Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасынын долбоорун даярдоо үчүн PHRD N TF 090315 гранты жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 573
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58756>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12488/edition/327929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58756.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2007-жылдын 5-декабры № 57 Кыргыз Республикасынын Окмотунун Токтому "2007-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда кол коюлган Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасынын долбоорун даярдоо үчүн PHRD N TF 090315 гранты жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (05.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58756

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 5-декабры № 573

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"2007-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында Кыргыз

Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын

ортосунда кол коюлган Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык

инфраструктурасынын долбоорун даярдоо үчүн PHRD N TF 090315

гранты жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына, "Кыргыз

Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республика-

сынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-

замдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "2007-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы

менен Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда кол коюлган Бишкек

жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасынын долбоорун даярдоо үчүн

PHRD N TF 090315 гранты жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо туура-

луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кыргыз Республика-

сынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин директору

(макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий

өкүлдөрү болуп дайындалсын.

Премьер-министринин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2007-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында Кыргыз

Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын

ортосунда кол коюлган Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык

инфраструктурасынын долбоорун даярдоо үчүн PHRD N TF 090315

гранты жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу

1-статья.

2007-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы ме-

нен Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда кол коюлган Бишкек

жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасынын долбоорун даярдоо үчүн

PHRD N TF 090315 гранты жөнүндө Макулдашуу-Кат ратификациялансын.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Макулдашуу-Каттын Кыргыз

Республикасы тарабынан ратификацияланганы тууралуу Эл Аралык Өнүктүрүү

Ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.

Кыргыз Республикасынын Президенти
