Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 3-декабры № 570
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-
зам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
три бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган
учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
милдетин аткарып жаткан биринчи
вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамына ("Эркинтоо" газетасы, 2006-жылдын 7-апрели, № 25) төмөн-
күдөй өзгөртүү киргизилсин:
Мыйзамдын № 1 тиркемеси ушул Мыйзамга тиркемеге ылайык редакцияда
берилсин.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Мыйзамдын кабыл
алынышы тууралуу Кез карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу ко-
митетине жана Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комите-
тинин секретариатына белгиленген тартипте билдирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин
күчүнө кирет.
Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин 2008-жылы алып келинүүчү товар-
ларга "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы тарифтеринин
ставкалары колдонула берет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 173 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон