# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-декабрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө"Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-декабрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө"Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 565
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58748>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12480/edition/327920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58748.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-декабрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө"Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58748

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 3-декабры № 565

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 18-июлундагы "Кыргыз Республикасында

спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу жана

жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну

оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө"

Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу

"Этил спиртин, алкоголь жана спирт камтылган продукцияны чыгаруу

жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын

18-июлундагы № 343 "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продук-

циясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдашты-

руу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылуу макса-

тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:

- бир айлык мөөнөттө:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы №

343 "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу

жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдаштыруу боюнча чара-

лар жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмө-

түнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 токтому менен бекитилген Кыргыз

Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү кароочу Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун;

Кыргыз Республикасында Спирт ичимдиктерин чекене сатуу эрежелери-

нин долбоорун;

Алкоголдук жана спирт камтылган тамак-аш продукцияларын сатып

алууга, сактоого жана берүүгө лицензиясы бар уюмдарды аккредитациялоо-

нун бирдиктүү тартибинин долбоорун;

- эки айлык мөөнөттө:

Спирт, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияларды чыгарууда

колдонулуучу негизги технологиялык жабдуулардын тизмесин;

Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияларды чыга-

руу жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо жөнүндө жобонун долбоорун.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын

18-июлундагы № 343 "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продук-

циясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдашты-

руу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте мурда "Алкопром" мамлекет-

тик ишканасынын курамына кирген алкоголдук продукцияны даярдоо жагында

иш жүргүзүүчү чарбалык коомдордун мамлекеттик үлүшүн аукциондордо са-

тууну камсыз кылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын компетенци-

ясына киргизилген "Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган про-

дукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашырууну камсыздоо су-

нушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жүктүн бажылык

декларациясына жана товардык-транспорттук накладнойлоруна (импорттолуу-

чу этил спирти, алкоголдук жана спирт камтылган продукциялар үчүн) тир-

келүүчү маалымкаттардын формаларын жана бул маалымкаттарды толтуруу

тартибин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте 2008-жылдын 1-январына

чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргиз-

син.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
