# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-ноябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин графигин белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-ноябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин графигин белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 560
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58737>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12477/edition/327907/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58737.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-ноябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин графигин белгилөө жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58737

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-ноябры № 560

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

органдарынын жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарынын

иштеринин графигин белгилөө жөнүндө

Жумуш убактысын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Респуб-

ликасынын жарандарынын кызыкчылыктарын эске алуу менен жана Кыргыз Рес-

публикасынын Эмгек кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-

том кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергилик-

түү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин төмөнкүдөй графиги бел-

гиленсин:

15-ноябрдан 31-мартка чейин - 9 саат 00 минутадан 18 саат 00 мину-

тага чейин, түшкү эс алуу жана тамактануу үчүн танапис 12 саат 30 мину-

тадан 13 саат 30 минутага чейин;

1-апрелден 14-ноябрга чейин - 8 саат 30 минутадан 17 саат 30 мину-

тага чейин, түшкү эс алуу жана тамактануу үчүн танапис 12 саат 00 мину-

тадан 13 саат 00 минутага чейин.

2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын жетекчилерине иштин спецификасын жана функционалдык өзгө-

чөлүктөрүн эске алуу менен иш убактысынын режимин өз алдынча белгилөөгө

уруксат берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-февралындагы №

26-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркинтоо" гезитинде 2007-жылдын 30 ноябрындагы N 97 жаряланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткаруучу А.Атамбаев
