Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 23-ноябры № 559 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 43, 2009-жылдын 9-октябрындагы № 627, 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 225, 2013-жылдын 10-июнундагы № 318, 2015-жылдын 21-апрели № 231 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик резервдин азык-түлүк буудай данынын азайбас запасынын нормативдик деңгээлин толуктоо жана жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө карыз алынган азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервге өз убагында кайтарууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте 2000-2007-жылдарда жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө товардык кредит түрүндө алынган 38369 тонна аштык буудай данын мамлекеттик резервге кайтарылышын камсыз кылсын.
Товардык кредитти акчалай каражаттар менен тындырууда эсептешүүлөр товардык кредит берүүгө кредиттик келишимдерде көрсөтүлгөн баалар боюнча жүргүзүлсүн. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 627 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Облустар менен райондордун мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте:
- үчүнчү-төртүнчү класстардагы 20 проценттен төмөн эмес клейковинасы бар жана ИДКнын 100 бирдигинен ашпаган экинчи топтогу сапат менен азык-түлүк буудай данын чогултууну уюштурушсун;
- чогултулган азык-түлүк буудай данын жооптуу сактоочу ишканаларга жеткирүүнү камсыздашсын.
Эгинди чогултууга жана жооптуу сактоочу ишканага жеткирүүгө байланыштуу чыгымдар эгин тапшыруучулардын эсебинен төлөнсүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 43, 2013-жылдын 10-июнундагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- мамлекеттик резервге коюлуучу азык-түлүк буудай данын сапаты жагынан баалоону жүргүзүү максатында тиешелүү аккредитациясы бар көз карандысыз текшерүүчү органдарды ишке тартсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте айылдык товар өндүрүүчүлөр мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздарын төлөө эсебине алар белгиленген базистик кондициялардагы азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервге тапшыргандыгы үчүн өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзсүн;
- мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин номенклатурасына киргизилбеген товардык-материалдык баалуулуктардын жана товарлардын нормадан ашыкча запасын сатуунун жана Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көрсөтүү менен башка булактардын эсебинен мамлекеттик резервге азык-түлүк буудай данын сатып алууга жана сактоого коюуга уруксат берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген баа боюнча карыз алынган азык-түлүк буудай данын, арпаны, буудай үрөнүн, күйүүчү-майлоочу материалдарды кайтарып берүү эсебине мамлекеттик резервдин номенклатурасына киргизилген азык-түлүк буудай данын жана башка материалдык баалуулуктарды мамлекеттик резервге сактоого коюуну жүргүзсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 43 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик карызга алынган азык-түлүк буудай данын жана арпаны, буудай үрөнүн жана күйүүчү-майлоочу материалдарды кайтарып берүү эсебине азык-түлүк буудай данына жана мамлекеттик резервге сактоого коюу үчүн номенклатурага кирген башка товарларга 10 күндүк мөөнөттө дифференцияланган бааны белгилесин.
4-1. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-апрели № 231 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 токтомуна тиркеме
Мамлекеттик резервдеги аштык будайдын жооптуу сактоочу ишканалардын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 318 токтомуна ылайык алынып салынды)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- "Отчет о результатах аудита составления и исполнения республиканского бюджета Кыргызской Республики за 2011 год" (утвержден постановлением Правительства КР от 15 апреля 2013 года…Постановление · 15.04.2013 · № 197
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 318 "Мамлекеттик материалдык резервден алынган товардык насыялар үчүн карызын акча каражаттары менен төлөшкөн…Постановление · 10.06.2013 · № 318 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы №627 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 09.10.2009 · № 627 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 225 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине…Постановление · 04.04.2012 · № 225 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 231 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине…Постановление · 21.04.2015 · № 231 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 13.02.2008 · № 43 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 318 "Мамлекеттик материалдык резервден алынган товардык насыялар үчүн карызын акча каражаттары менен төлөшкөн…Постановление · 10.06.2013 · № 318 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 231 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине…Постановление · 21.04.2015 · № 231 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.