# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 13 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 13 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 558
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58735>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12475/edition/390560/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58735.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 13 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (26.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58735

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-ноябры № 558

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын чет

мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн

ишин тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

12-январындагы N 13 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

"Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн

ишин тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жыл-

дын 12-январындагы № 13 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо-

лор киргизилсин:

- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет

мамлекеттердеги соода өкүлчүлүгү жөнүндө жобонун:

5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"5. Зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соода өкүлчүлүгүнүн

региондук бөлүмүн уюштурат. Соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмү өз

ишин ал турган мамлекеттеги соода өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги менен ишке

ашырат.";

9-пункт "чет мамлекеттеги соода өкүлчүлүгү" деген сөздөрдөн кийин

", ошондой эле анын региондук бөлүмдөрү" деген сөздөр менен толуктал-

сын;

17-пункт:

- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөрдөн

кийин "жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук коми-

тети" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөдө толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн жетекчиси (мындан ары Ре-

гиондук соода өкүлү) кызматка Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минис-

трлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук коми-

тети менен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүк-

түрүү жана соода министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.

Региондук соода өкүлү өз ишинде Соода өкүлүнө отчет берет.

Соода өкүлүнүн жана Региондук соода өкүлүнүн кызматына жогорку би-

лимдүү, ишмердүүлүк чөйрөсүнө дал келген, мамлекеттик же дипломатиялык

кызматта кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы бар жана бул кызматта иштөө

үчүн зарыл тажрыйбага ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны дайында-

лат. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-

лиги Соода өкүлү менен (Региондук соода өкүлү менен) 3 жылдык мөөнөткө

эмгек келишимин түзөт. Көрсөтүлгөн эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндө

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги

жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети ме-

нен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана

соода министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-

нистринин чечими менен соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси жањы мөөнөткө кай-

ра дайындалса, дагы 3 жылга эмгек келишими кайра түзүлүшү мүмкүн. Соода

өкүлүнүн (Региондук соода өкүлүнүн) жалпы иштөө мөөнөтү 6 жылдан ашпоо-

го тийиш.

Соода өкүлчүлүгүнүн (соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) кыз-

маткерлери кызматка Соода өкүлүнүн (Региондук соода өкүлүнүн) сунушу

боюнча Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-

рлигинин буйругу менен дайындалат жана бошотулат. Соода өкүлчүлүгүнүн

(соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) кызматкеринин кызматына жо-

горку билимдүү, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соо-

да министрлигинин түзүмүндө кеминде 3 жыл иштеген, эл аралык соода жана

тышкы экономикалык ишмердүүлүк жагындагы иш тажрыйбасына ээ болгон Кыр-

гыз Республикасынын жараны дайындалат. Кыргыз Республикасынын Экономи-

калык өнүктүрүү жана соода министрлиги соода өкүлчүлүгүнүн кызматкери

менен 3 жылга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Көрсөтүлгөн мөө-

нөт бүткөндө соода өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин сунушу боюнча эмгек кели-

шими дагы 3 жылга кайра түзүлүшү мүмкүн. Соода өкүлчүлүгүнүн (соода

өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) кызматкеринин жалпы иштөө мөөнөтү 6

жылдан ашпоого тийиш.

Соода өкүлчүлүгүнүн (соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) же-

текчисин, соода өкүлчүлүгүнүн (соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн)

кызматкерин кызматтан бошотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

- өз каалоосу боюнча бошонуу жөнүндө арыз берүү;

- эмгек келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыроо;

- ал болгон өлкөдө өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы;

- кызматкер тарабынан ошол өлкөнүн үрп-адаттарын жана мыйзамдарын,

ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүм-турум жана адептик нормаларды

сактабоо;

- иш милдеттенмелерин, ошондой эле кызматкер эмгек келишимин түзүү

учурунда таанышып чыккан режимдик талаптарды бир нече ирет одоно бузуу;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган башка негиз-

дер.";

18-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"18. Соода өкүлү жана Региондук соода өкүлү дипломаттык статуска

ээ жана ошол мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчү-

лүгүнүн кењешчисинин жана атташесинин рангында ошол мамлекетке аккре-

диттелет.";

19-пункттун "в)" пунктчасы алып салынсын.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу А.Атамбаев
