Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген) Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 23-октябрындагы
№ 509 токтому менен
бекитилген
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана
кесепеттерин жоюу боюнча атайын
эсеп жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №505 токтомунун редакциясына ылайык) Бул Жобо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен жыл сайын
бөлүнүүчү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча
атайын эсептин (мындан ары - Атайын эсеп) каражаттарын пайдалануу үчүн
негиз болуп саналат.
Атайын эсептин каражаттарын тескөөчү болуп Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү саналат.
Атайын эсептин каражаттары төмөндөгүлөргө багытталат:
- селден сактоочу курулмаларды, дамбаларды, автомобиль жолдорун,
көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, жээк чыњдоочу иштерди, инженердик комму-
никацияларды жана өзгөчө кырдаалдын кесепетинен кыйрагандардын ордуна
жана курулуш планында каралбаган башка объекттерди куруу боюнча биринчи
кезектеги иш-чараларды каржылоого;
- кыртыш сууларынын дењгээлин төмөндөтүү, ушул максаттарга финансы
каражаттарынын көлөмүн көбөйтүүнү кошумча талап кылган биринчи кезекте-
ги иш-чараларды каржылоого;
- сел жана ташкын сууларды өткөрүү боюнча биринчи кезектеги иштер-
ди каржылоого;
- оор кесепетке алып келе турган табигый кырсыктар учурунда чукул
чараларды көрүү үчүн иш-чараларды каржылоого;
- жыл ичинде курулуш жана оњдоо-калыбына келтирүү иштеринин прог-
раммасына кошумча киргизиле турган авариялык-калыбына келтирүү жумушта-
рын,курулуш иштерин каржылоого;
- кар көчкү коркунучундагы участкаларга аэродистанциялык кар чене-
мин сүрөткө тартуу жана бийик тоолуу жырылуу коркунучунда турган көл-
дөрдүн абалын изилдөө үчүн учууларды жүргүзүү боюнча иш-чараларды кар-
жылоого;
- жањыдан аныкталган коркунучтуу табигый жана техногендик көрүнүш-
төр менен процесстерге илимий-изилдөө иштерин каржылоого;
- көчкү түшүрүү жана башка коркунучтуу жаратылыш процесстери боюн-
ча шашылыш изилдөөнү жана чечим кабыл алууну талап кылган ведомстволор
аралык жана адистештирилген топтордун иштериндеги долбоордук жана изил-
дөө иштерин каржылоого;
- табигый кырсыктар, авариялар жана алааматтар болгон учурда чукул
чараларды керүү үчүн курулуш материалдарды жана күйүүчү-майлоочу мате-
риалдарды сатып алуу үчүн каражаттарды бөлүп берүүгө.
- чет өлкөлөрдө (Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары) өзгөчө
кырдаалдар аймагында калган Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо; -өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган чет мамлекеттерге финансылык жана башка жардамдарды көрсөтүү.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №505 токтомунун редакциясына ылайык) Республикалык бюджеттен каржылануучу жана Кыргыз Республикасынын
аймагында табигый кырсыктарды жоюуга катышкан министрликтерге, мамле-
кеттик комитеттерге, администациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин
башка органдарына ушул Жободо каралгандардан башка максаттарга Атайын
эсептин каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
Ушул Жобонун талаптарын бузууга күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы №509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2007 · № 509
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.