Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын «2008-2010-жылдарга буудайдын үрөнчүлүгүн өнүктүрүү» МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 28 марта 2016 года № 151 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 23-октябрындагы
№ 504 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын "2008-2010-жылдарга
буудайдын үрөнчүлүгүн өнүктүрүү"
МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
1. Кыргыз Республикасында буудай данын жана үрөнүн
өндүрүүнүн азыркы учурдагы абалы
Республикабызда мурда түзүлгөн үрөнчүлүк системасы иш жүзүндө ыды-
рап жок болгон. Соњку жылдарда Кыргызстанда буудай айдоо аянттары жана
анын түшүмдүүлүгү барган сайын кыскарууда, анын кесепетинен азык-түлүк
буудай данынын дүњ жыйымы азаюуда. 2001-жылы эле буудай себүү аянттары
478,5 мињ гектарды түзсө, 2007-жылы алар 360,3 гектарга чейин азайган
же 118,2 мињ гектарга (25%ке) кыскарган. Буудайдын түшүмдүүлүгү
2006-жылы бар болгону гектарына 20,7 центнерди түзгөн, ал эми 2002-жылы
бул гектарына 24,9 ц болгон. Ушул мезгилдин ичинде буудайдын дүњ жыйымы
дээрлик 400 мињ тоннага азайган. Республиканын калкынын азык-түлүк буу-
дай данына керектөөсү 70- 75%ке камсыздалат.
Буудай данын өндүрүүдөгү түзүлгөн абал бир катар объективдүү жана
субъективдүү себептерден улам келип чыкты. Буудай өндүрүүнүн төмөндөшү-
нүн кыйла олуттуу фактору дыйкандар жана фермерлер сапаты төмөн үрөн
материалын пайдаланышы болуп саналат, ушундан улам дээрлик өстүрүлгөн
түшүмдүн жарымы коромжулукка учурайт.
Азыркы убакта республиканын чарбакер субъекттери айдап себүүлөргө
мамлекеттик үрөнчүлүк инспекцияларында текшерилген буудай үрөнүнүн 85
процентин гана колдонушат, калган 15 проценти - бул төмөнкү себүү кон-
дициясындагы кадимки товардык эгин болуп эсептелет. Республикада буудай
үрөнүн өндүрүү менен 145 үрөнчүлүк чарбасы иштейт, алардын ичинен 9
чарба баштапкы үрөнчүлүккө, 30у - элита үрөнүн өндүрүүгө жана 106сы би-
ринчи жана экинчи репродукциядагы үрөн өндүрүүгө адистештирилген. Ошону
менен бирге мындай адистешүү иш жүзүндө бардык эле жерлерде сакталбайт.
Күздүк жана жаздык себүүнү жүргүзүү үчүн буудай үрөнүнө республиканын
ар жылдык жалпы керектөөсү 96,8 мињ тонна болсо, республиканын үрөнчү-
лүк чарбалары 35 мињ тонна же 36 процент гана үрөн өндүрөт, алардын ба-
сымдуу көпчүлүгү үчүнчү жана массалык репродукциядагы үрөн болуп сана-
лат. Ошондуктан, айылдык товар өндүрүүчүлөр өздөрүнүн төмөнкү сапаттагы
себүү материалдарын колдонууну артык көрүшөт, алар үрөнчүлүк чарбалар
сунуш кылган массалык репродукциядагы үрөндөн да алда канча начар.
Үрөнчүлүк чарбалары буудай үрөнүн өндүрүүнү тийиштүү сатып өткөрүү
рыногунун жоктугунан жана өндүрүлгөн үрөндүн өздүк наркы жогору экенди-
гинен улам кечењдетишүүдө.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өстүрүү менен иш жүргүзгөн үрөн-
чүлүк чарбаларын мамлекеттик колдоонун толук системасы да жок.
2. Мамлекеттик программанын максаттары жана милдеттери
төмөнкүлөр болуп саналат:
- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо;
- үрөн индустриясын кайра жаратуу, чарбакер субъекттерди жогорку
сапаттуу буудай үрөнү менен камсыз кылуу;
- буудай үрөнүнүн көлөмүнүн жана анын сапаттык көрсөткүчтөрүнүн
өсүшүн стимулдоо;
- буудай өндүрүү негизги айыл чарба өсүмдүгү болуп саналган реги-
ондордо жакырчылык дењгээлин азайтуу.
3. Кыргыз Республикасында буудай үрөнчүлүгүн өндүрүүгө
кедерги болгон проблемалар жана себептер
1. Буудай үрөнүнүн төмөнкү сапатта болушу баарыдан мурда үрөнчүлүк
чарбалары көпчүлүк учурларда сортту жањылоонун жана сортту алмаштыруу-
нун биологиялык жактан зарыл процесстерин жүргүзбөгөндүгү болуп сана-
лат, ушундан улам жогорку репродуктивдүү үрөнгө жетишилбей жатат.
2. Негизги өндүрүш каражаттарына жана энергия булактарына баанын
жогору экендиги, ушундан улам үрөнчүлүк чарбалары оор финансылык абалда
калышып, керектүү суперэлита жана элита үрөнүн өндүрө албай жатышат.
Натыйжада үрөнчүлүк чарбалары өндүргөн биринчи жана экинчи репродукция-
дагы гана эмес, ошондой эле үчүнчү, ошондой эле массалык репродукцияда-
гы үрөндүн өздүк наркы соњку жылдарда эки эсеге көбөйүп кеткен.
3. 1990-жылдардын биринчи жарымында түзүлгөн "ЕС-Кыргызстан" өнөк-
төштүк фонду товардык кредит берүүнүн жардамы менен үч жылдын аралыгын-
да республиканын бардык үрөнчүлүк чарбаларын суперэлита, элита жана би-
ринчи репродукциядагы буудайдын үрөнүнүн пландуу сортун жањылоону кам-
сыз кылган, бул 2000-жылга карата республикадагы буудай өндүрүүнү жети-
шээрлик жогорку дењгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берген, бирок 1990-жыл-
дардын акырында бул фонддун жоюлгандыгына байланыштуу процесс токтоп
калган.
4. Республиканын үрөнчүлүк чарбаларынан жергиликтүү өз алдынча жа-
на аткаруу бийлик органдары мурда аларга таандык болгон жерлерди систе-
масыз алып коюшу буудай үрөнүн себүү аянттарынын кескин кыскарышына
алып келди. Азыркы убакта суперэлита, элита жана биринчи репродукцияда-
гы үрөн 5,9 мињ гектарга өстүрүлөт, ал эми пландуу сортту жањылоо жана
сортту алмаштырууну сактоо үчүн зарыл болгон керектөө 12,0 мињ гектарды
түзөт.
5. Мамлекеттик үрөнчүлүк чарбалары өтө оор абалда калышты, алар
мамлекеттен колдоо алышпайт, кыйла кредиттик карыздары бар жана банк-
роттук чегинде турушат. Айрыкча республиканын бардык райондорунда су-
гат, ошондой эле кайрак жерлерде өстүрүү үчүн жарактуу "Адыр", "Жамин",
"Тилек", "Асыл", "Кайрак" сыяктуу ата мекендик буудайдын эн мыкты сорт-
торунун баштапкы питомниктеринин үрөн берүүчүсү жана оригинатору болуп
саналган Чүй облусунун Сокулук районундагы Кыргыз илимий-изилдөө дый-
канчылык институтунун Эксперименталдык чарбасы оор абалда калды.
6. Азыркы убакта республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын басымдуу
көпчүлүгү эскирип бүтүп, кыртыш иштетүүчү, сугаруучу, жыйноочу жана ай-
рыкча үрөн тазалоочу техникалары жараксыз абалга келди, бул үрөн өстү-
рүү, буудай үрөнүн жыйноо, тазалоо жана ууландыруу технологиясын сак-
тоодо чечүүчү мааниге ээ, жогорку себептерден улам алардын түшүмдүүлүк
жана чарбалык-пайдалуу сапаты акырындап жоголууда.
7. Үрөнчүлүк чарбалары өндүргөн буудай үрөнү дээрлик бардык жер-
лерде тиешелүү идиштерге тањгакталбайт, маркировкасы жок жана товардык
көрүнүшү болбогондуктан республиканын дыйкандары менен фермерлеринде
кењири суроо-талап менен пайдаланылбайт.
8. Мамлекеттик сорт сыноодон ийгиликтүү өткөн жана Кыргыз Респуб-
ликасынын аймагында колдонууга уруксат берилген сорттордун Мамлекеттик
реестринде киргизилген буудайдын сапаты боюнча бир катар жогорку түшүм-
дүү жана баалуу сортторун республиканын мамлекеттик сортту сыноочу
станцияларында жана мамлекеттик сорт участокторунда жөнөкөйлөтүлгөн
схема боюнча питомниктерде көбөйтүүгө сактоого коюу жүргүзүлсө, тезде-
тилген ыкмада өндүрүүгө мүмкүн болоор эле.
9. Жаратылыштын табигый кырсыктарынан жабыркаган айылдык товар өн-
дүрүүчүлөрдүн, ошондой эле жаратылыштык-климаттык шарттары оор жана ыњ-
гайсыз региондордун өзгөчө муктаждыгын камсыз кылуу үчүн буудай үрөнүн
республикалык мамлекеттик үрөн фондуна сактоого коюуда республикада өтө
оор абал түзүлдү. Эгерде 2000-жылы үрөндүн басымдуу бөлүгү бул жакка
үрөнчүлүк чарбаларынан түзсө, азыркы убакта бул фонддо катардагы эле
үрөнчүлүк эмес чарбалар, ошондой эле айрым дыйкандар менен фермерлер
карыздарын жоюу эсебине тапшырган зарыл түшүмдүүлүк түзүлүштөргө ээ
болбогон жана 50 мињ га чейинки буудай аянтына өндүрүштүк себүүлөргө
жыл сайын колдонулган үрөндөр себилүүдө, бул буудайдын үрөнүнө жана
анын дүњ жыйымына байкалаарлык терс таасир тийгизүүдө.
10. Күздүк буудайдын үрөндүк запасын түзүүдөгү канааттандырбаган
абал Ысыккөл облусунда да орун алган, мында күздүк буудайдын түшүмүн
жыйноо жана аны күздүк себүүнү жүргүзүү мөөнөтү иш жүзүндө дал келбейт.
Күздүк себүү үчүн үрөн адатта ошол жылдын түшүмүнүн үрөнүнөн октябрдын
башталышына карата даярдалат, ал кезде күздүк буудай себүүнүн оптимал-
дык мөөнөтү өтүп кеткен болот жана облуста зарыл болгон 50 мињ гектар-
дын ордуна болгону 10-15 мињ га себүүгө арањ жетишет. Ысыккөл зонасында
азыркы убактарда күздүк буудай жаздык буудайга караганда 30 процентке
түшүмдүү болуп жаткандыгын эске алсак, облус жыл сайын ондогон мињ тон-
на азык-түлүк буудай данын кем алууда.
4. Кыргыз Республикасында буудай үрөнчүлүгүндөгү
проблемаларды чечүү жолдору
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына үрөнчүлүк чарбаларына, асыл
тукум, тажрыйба-селекциялык, эксперименталдык чарбаларга, мамлекеттик
сорт сыноо станцияларына жана мамлекеттик сорт участокторуна Айыл чарба
жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин берүү боюнча контролдук ый-
гарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иште-
түү өнөр жай министрлигине өткөрүп берүүнү, жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдары бөлүп берген айдоо аянттарды алып коюу укугусуз 20 жыл-
га чейинки мөөнөткө ошол чарбакер субъекттерге бекитип берүүнү караган
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу республиканын үрөнчү-
лүк чарбаларынын иштери үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү маселесин мыйзам
тартибинде чечүү.
2. Республиканын бардык үрөнчүлүк чарбаларында кеминде 12 мињ га
жалпы аянтка буудайдын суперэлита жана элита үрөнүн өндүрүүнү камсыз
кылуу.
3. Республиканын бардык үрөнчүлүк чарбаларында буудайдын өндүрүл-
гөн үрөндүк материалын тањгактоону жана маркировкалоону уюштуруу.
4. Биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларынын үрөнү менен товардык
кредит берүү үчүн 315 тонна көлөмүндө буудайдын суперэлита үрөнүн өндү-
рүүгө Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги белгилеген мамлекеттик заказды аткаруу үчүн баштапкы
үрөн өстүрүүнү жүргүзүү укугу берилген республиканын үрөнчүлүк чарбала-
рын ар жылдык авансылоо практикасын киргизүү.
5. Экинчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларынын үрөндөрү менен товардык
кредит берүү үчүн биринчи топтогу республиканын үрөнчүлүк чарбаларынан
буудайдын 890 тонна элита үрөнүн жыл сайын түз сатып алууну жүргүзүү.
6. Жаратылыштык табигый кырсыктардан жабыркаган республиканын
айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө, ошондой эле жаратылыштык-климаттык шарт-
тары ыњгайсыз алыскы райондор жана региондор үчүн 4 мињ тонна көлөмүндө
буудайдын биринчи жана экинчи репродукцияларындагы үрөн өндүрүү жана
сатуу укугу берилген үрөнчүлүк чарбаларына буудайдын үрөнүнүн элита
сортторун сатып алууга республикалык бюджеттен 60 млн. сом бөлүүнү ка-
роо. Айылдык товар өндүрүүчүлөргө үрөндүн ушул көлөмүн процентсиз то-
вардык кредит түрүндө аны акчалай же мамлекеттик материалдык резервге
сактоого коюлуучу азык-түлүк буудай даны менен төлөө шартында берүү.
7. Ысыккөл облусунун бардык үрөнчүлүк чарбаларында облустун чарба-
кер субъекттеринде оптималдуу агротехникалык мөөнөттө күздүк себүү жүр-
гүзүү жана мындан азык-түлүк буудай данынын кошумча көлөмүн алуу үчүн
күздүк буудайдын 100 проценттик өткөөл запасын түзүү.
8. Республикага түшкөн гранттык каражаттын кеминде 20 процентин
кыртыш иштетүүчү, себүүчү, дан жыйноочу, үрөндү ууландыруучу жана таза-
лоочу техникалары финансылык-экономикалык оор абалда турган республика-
нын үрөнчүлүк чарбаларына акысыз бөлүү.
9. Республиканын мамлекеттик сорт сыноочу станцияларында жана мам-
лекеттик сорт участокторунда кыйла тартыш жана келечектүү, анын ичинде
чет өлкөлүк селекциянын күздүк жана жаздык буудай сортторун уюштуруу.
10. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги тарабынан жыл сайын ага бөлүнүүчү бюджеттик ассигнова-
ниелердин чектеринде илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, ата-мекендик се-
лекциянын күздүк жана жаздык буудай сортторун тажрыйбалык себүүлөргө
коюу жана көбөйтүү питомниктеринде жогорку сапаттуу үрөн өстүрүү үчүн
Чүй облусунун Сокулук районундагы Кыргыз илимий-изилдөө дыйканчылык ин-
ститутунун эксперименталдык чарбасына 0,5 млн. сом бюджеттик каражат
бөлүүнү кароо.
11. Буудайдын сорттуу үрөнүн өндүрүүнү 2010-жылга карата 50 мињ
тоннага чейин жеткирүү.
12. Республикада үрөн индустриясын калыбына келтирүү үчүн эл ара-
лык донордук уюмдардын жана финансы институттарынын каражаттарын, чет
өлкөлүк инвестицияларды тартуу, алардын мүмкүнчүлүгүн республиканын
үрөнчүлүк чарбаларында сортту жањылоодо жана аны менен жабдууда зарыл
техника жана лабораториялык жабдуу менен кењири пайдалануу.
5. Программаны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар:
- зарыл сандагы элита үрөнүн өндүрүүнү камсыздоочу көлөмдөрдө ори-
гиналдуу үрөн өндүрүүнү камсыздоо;
- сортту алмаштырууну жана сортту жањылоону жүргүзүү үчүн зарыл
көлөмдө элита үрөнүнө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн керектөөсүн камсыз-
доо;
- өсүмдүктөрдүн генофондун сактоо максатында республиканын аттес-
тацияланган үрөнчүлүк чарбаларынын финансылык абалын жакшыртуу;
- айылдык товардык өндүрүүчүлөргө товардык кредит берүү үчүн сорт-
туу үрөн сатып алуу;
- кыйла продуктивдүү сортторду ишке киргизүүнүн натыйжасында буу-
дайдын түшүмдүүлүгүн, сапатын жана дүњ жыйымын жогорулатуу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Кыргыз Ренспубликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 504 "Кыргыз Республикасынын "2008-2010-жылдарга карата буудайдын үрөнчүлүгүн өнүктүрүү" мамлекеттик программасын…Постановление · 23.10.2007 · № 504 · Күчүн жоготкон