Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)»Ысык-Көл» эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялык конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 19-октябрындагы
№ 478 токтому менен
бекитилген
"Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого
инвестициялык конкурс өткөрүүнүн шарттары
жана тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого
стратегиялык инвесторлордун (мындан ары - Талапкер) арасында конкурс
өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын, инвестициялык конкурс өткөрүү боюн-
ча ведомстволор аралык конкурстук комиссияны (мындан ары - Конкурстук
комиссия) уюштуруу жана иштөө тартибин белгилейт.
1.2. "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестици-
ялык конкурс (мындан ары - Конкурс) Кыргыз Республикасынын Конституция-
сына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, , "Ысык-Кел" экологиялык-экономикалык ту-
тумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык
өткөрүлөт.
1.3. "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестици-
ялык конкурска даярдык көрүү жана өткөрүү ушул Жобого ылайык Конкурстук
комиссия тарабынан ишке ашырылат.
2. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялоо
2.1. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыя республикалык жана чет өлкөлүк
жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-сайттарга конкурстук сунуш-
тарды берүү мөөнөтү бүтөөрдөн 30 күндөн кеч эмес мурдатан берилет.
2.2. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяда төмөнкүдөй маалыматтар болуу-
га тийиш:
- инвестиция салуу объектисинин аталышы, анын кыскача мүнөздөмөсү;
- стратегиялык инвесторду тартуунун методу;
- Талапкерлердин арыз берүүсүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү;
- Талапкерлер баштапкы квалификациялык тандоодон өтүү үчүн тапшы-
руучу документтердин тизмеси, документтерди тариздөөгө карата талаптар;
- Талапкерлердин конкурска катышууга укугун аныктоочу критерийлер;
- гарантиялык взносту төгүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекет-
тик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин атайын процентсиз
депозиттик эсебинин керектүү реквизиттери;
- талапкер конкурс жөнүндө маалымат, конкурстук документтердин па-
кетин алышы үчүн дарек, телефон, факс, е-mail.
- Конкурс өткөрүүгө байланыштуу башка зарыл маалыматтар.
3. Конкурсту өткөрүүгө жана даярдоого чыгымдар
3.1. Конкурстук комиссия Конкурс өткөрүү үчүн чыгымдардын наркын
аныктайт жана тактайт.
3.2. Конкурстук комиссия тапшырылган эсептерге ылайык опциондун,
барымтанын суммасы жана Конкурсту өткөрүүгө, уюштурууга жана өткөрүүгө
чыгымдардын сметасы жөнүндө чечим кабыл алат.
3.3. Конкурс өткөрүүгө кетчү чыгымдардын сметасында негизги чыгым-
дарга төлөө каралат, алар:
- Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяны жалпыга маалымдоо каражаттарына
жарыялоого;
- тапшырмаларды даярдоого жана конкурстук документтерди иштеп чы-
гууга;
- конкурстук документтерди иштеп чыгууга, түзүүгө, көбөйтүүгө,
комплектилөөгө;
- маалыматтык материалдарын таратууга;
- транспорт кызматтарына;
- почта жана телефон кызматтарынын акысына;
- банк кызматынын акысына;
- негизги фонддордун амортизациясына;
- чарбалык жана канцеляриялык шаймандарды сатып алууга;
- Конкурс өткөрүүгө байланыштуу, анын ичинде күтүлбөгөн чыгымдар-
га.
4. Конкурсту даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Конкурстук
комиссиянын негизги укуктары жана милдеттери
4.1. Конкурстук комиссиянын милдеттери төмөнкүдөй:
- Конкурсту өткөрүүнүн мөөнөтүн, ордун аныктоо;
- Талапкерлерди баштапкы квалификациялык тандоодон өткөрүү;
- Конкурска түшкөн сунуштарды баалоо;
- Конкурстун жењүүчүсүнө Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүнү
белгиленген мөөнөттө жөнөтүү;
- Макулдашууну жењүүчү менен белгиленген мөөнөттө макулдашуу;
- гарантиялык төлөмдөрдү белгиленген тартипте кабыл алууга жана
кайра берүү;
- Конкурсту өткөрүүнүн анын шартында белгиленген мөөнөтүн сактоо;
- жашыруун маалыматтардын ачыкка чыкпашын камсыздоо;
- Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
маалымат берүү.
4.2. Конкурстук комиссия төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Конкурсту кайрадан өткөрүүнү дайындоо, аны өткөрүүнүн шарттарын
тактоого, ошондой эле жењүүчүлөрдү аныктоонун критерийлерин аныктоого;
- арыздарды жана конкурстук сунуштарды кабыл алуу мөөнөтүн узар-
тууга;
- ушул Жобонун 8.9-пункттартында көрсөтүлгөн эреже бузуулар анык-
талса гарантиялык төлөмдү белгиленген тартипте кармап калууга;
- долбоордун ар кандай жактары боюнча эксперттерди тартууга;
- кайсы бир чыгымдарды жана милдеттерди өзүнө албастан, алдын ала
билдирүүсүз кайсы учурда болсо да Конкурсту токтотууга, токтотуп туруу-
га.
4.3. Конкурстук комиссиясынын мүчөлөрүнө төмөнкүлөргө тыюу салы-
нат:
- атаандаштыкты чектөөгө же Талапкерлердин биринин башка Талапкер-
лерге караганда көбүрөөк укуктарды же мүмкүнчүлүктөрдү алышына алып
келгидей кылып Талапкерлердин ишмердигин координациялоо боюнча аракет-
терди жасоого;
- Конкурстун түз же кыйыр катышуучусу болууга же Конкурстун Талап-
кер адамдары менен кошо кайсы бир топко кирүүгө;
- Ачыкка чыгарылышы Талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлигине
каршы келүүчү, тараптардын коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирүү-
чү, аксанатай атаандаштыкка тоскоол болуучу маалыматтарды Талапкерлерге
берүүгө;
- Талапкерлерге колдоо максатында кењеш берүүгө, жашырын мүнөздөгү
маалыматтарды берүүгө.
5. Конкурска катышуунун тартиби, документтерди
тариздөөгө талаптар
5.1. Конкурска катышууну каалаган Талапкер Конкурстук комиссиянын
дарегине документтердин эки нускасын жөнөтөт:
- Конкурска катышууга ниети жөнүндө расмий кайрылуу (түп нускасы);
- юридикалык жак катарында мамлекеттик каттоосу жөнүндө нотариуста
күбөлөндүрүлгөн күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Уставдын нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- уюштуруу келишиминин же Компанияга катышуучулардын операциялык
макулдашуусунун нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- Талапкер катталган өлкөнүн мамлекеттик органдары берген тийиштүү
чарбалык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын нотариуста күбөлөндүрүлгөн кө-
чүрмөлөрү;
- Талапкер өлкөнүн салык уюмдарынан каттоодон өткөндүгүн тастыкта-
ган документ (нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмө);
- Юридикалык жактардын соодалык реестринен көчүрмө же Талапкер
катталган өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органынан иштеп жаткан юридика-
лык жактын (Талапкердин) статусун күбөлөндүргөн башка документ (түп
нуска);
- Талапкер инвестициянын көлөмүн гарантиялоо катары, "А" банкынын
финансылык акыбалынын жетиштүүлүгү жөнүндө гарантиясын, Талапкерге кыз-
мат көрсөткөн коммерциялык банктын анын эсебинде ушул жылда каражаттары
бар экендиги жөнүндө көчүрмөсүнүн түп нускасын жана көчүрмөсүн;
- кайтарылма негизде мурда берилген каражаттар боюнча мөөнөтү ке-
чиктирилген карыздары жоктугу жөнүндө ырастама (түп нускасы);
- үстүдөгү жана өткөн жылдардагы бухгалтердик отчеттор салык инс-
пекциясынын коюлган белгиси менен (түп нускасы);
- ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн карыз каражат берген коммерция-
лык банктар же башка инвесторлор менен макулдашуулардын түп нускасы жа-
на көчүрмөсү;
- сунушталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси же
бизнес-планы, анда заказдын техникалык шарттарын аткаруунун, курулушту
уюштуруунун (жумуштарды жүргүзүүнүн, берүү-жабдуулардын, транспорттук
ташуулардын) ыкмалары жөнүндө; жумуштарды жүргүзүүнүн графиктери; куру-
луштун сунушталган мөөнөттөрүнүн, баалардын зарыл негиздемелери, ошон-
дой эле Талапкердин заказды аткарууга финансылык, техникалык жана уюш-
туруучулук мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар жана документтер милдет-
түү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
5.2. Жогорудагы аталган документтер чет өлкөлүк инвесторлор үчүн
Кыргыз Республикасынын ошол Талапкер катталган өлкөнүн аймагындагы кон-
сулдук мекемеси тарабынан же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-
рлигинин Консулдук кызмат департаменти тараптан белгиленген талаптарга
ылайык мыйзамдаштырылууга тийиш. Документтер Кыргыз Республикасынын
расмий (орус) тилине которулуп, котормонун тууралыгы ыйгарым укуктуу
адам - нотариус же Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин аймагындагы
консулдук мекемесинин кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
6. Конкурстук документтердин пакети
6.1. Конкурска катышуу үчүн Талапкер Конкурстук документтердин па-
кетин алат, анын баасына аны жасаганга жана Конкурсту өткөрүүнү даяр-
доого кеткен чыгымдар да кирет:
6.2. Конкурстук документтердин пакетине төмөнкүлөр кирет:
- техникалык тапшырма;
- Конкурсту өткөрүүнүн эрежеси;
- маалыматтык меморандум;
- "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоо боюнча инвести-
циялык макулдашуунун долбоору;
- Конкурсту өткөрүүнүн графиги;
- Конкурска катышууга жазган арыздын формасы;
- сунуштарды баалоонун жана жењүүчүнү аныктоонун критерийлери;
- Конкурстук комиссия менен байланышуу үчүн маалымат (б.а. жайгаш-
кан дареги, байланыштын ыкмалары - телефондун, факстын номери жана бай-
ланышуу үчүн башка маалыматтар).
6.3. Конкурсту өткөрүүнүн графигиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө Конкурс-
тун Талапкерлерине жазуу жүзүндө же факс аркылуу графикке өзгөртүү кир-
гизүү жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин 10 иш күндөн кечиктирбестен
билдирилет.
7. Баштапкы квалификациялык тандоо
7.1. Баштапкы квалификациялык тандоо жол-жобосу төмөнкүлөрдү кам-
тыйт:
- Талапкерлер тапшырган маалыматтарды жана документтерди кароо;
- маалыматтарды талдоо жана Талапкердин техникалык, уюштуруучулук,
финансылык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо;
- Талапкерлер берген маалыматтарды текшерүү;
- эксперттик корутунду чыгаруу;
- баштапкы квалификациялык тандоонун жыйынтыгы жөнүндө чечим чыга-
руу.
7.2. Баштапкы квалификациялык тандоонун жыйынтыктары Комиссиянын
жыйынынын протоколу менен таризделет.
7.3. Конкурстун Талапкеринин статусун алуу укугун төмөнкүлөр алат:
(i) аба-транспорттук кызмат көрсөтүү рыногунда 5 жылдан кем эмес
иштеген, ишкердик бедели жакшы, жылдык жүгүртүүсү 100 млн. АКШ доллары-
нан кем болбогон компаниялар;
(ii) холдинг/компаниялар - мыкты ишкер кадыр-баркы жана курулуш
компанияларына кеминде 100 млн. АКШ доллар өлчөмүндө тике инвестиция
салуу тажрыйбасы бар жана рынокто кеминде 5 жыл иштеген институттук ин-
весторлор;
(iii) консорциумдар, алардын курамына ушул Жобонун 7.3-пунктунун
(ii) же (iii) пунктчаларынын талаптарын канааттандыруучу компаниялар
кирет.
7.4. Конкурска төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- оффшордук зоналарда жана пошлинасыз соода зоналарында катталган
юридикалык жактарга же оффшордук зоналарда жана пошлинасыз соода зона-
ларында катталган аффилирленген жактардын катышуучулары катарындагы
жактарга;
- өзгөртүп кайра түзүү, жоюу же банкроттук стадиясында турган же
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктук жактан чектелген
юридикалык жактарга;
- өзүлөрү жана компаниялары жөнүндө жалган же болбосо туура эмес
маалыматтарды берген, финансылык милдеттенмелерин аткаруу жагынан ке-
пилдик бербеген, кайтарып берүү жана акы төлөө негизинде мурда берилген
заемдук каражаттар боюнча мөөнөтү өткөн карыздары бар уюмдарга.
7.5. Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу Конкурс-
тук комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Талапкер тууралуу маалыматтар жетиш-
песе Конкурстук комиссия андан кошумча маалымат сурай алат, ал талапкер
тарабынан суроо-талап жөнөтүлгөн күндөн тартып 10 (он) календарлык күн-
дүн аралыгында белгиленген формада берилүүгө тийиш.
7.6. Арыз катталган учурдан тартып 20 (жыйырма) жумушчу күндүн
аралыгында Конкурстук комиссия анын алдын ала квалификациялык тандоо
критерийлерине ылайык келгендиги же келбегендиги тууралуу Талапкерге
жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
7.7. Конкурстук комиссия алдын ала квалификациялык тандоодон өтпөй
калган атаандаштын суроо-талабына мындай чечимдин кабыл алынгандыгын
негиздөө менен жооп берүүгө милдеттүү.
7.8. Конкурстук комиссия заседаниесине кеминде мүчөлөрүнүн жалпы
санынын үчтөн экиси катышса, анын компетенциясына кирген маселелерди
кароого укуктуу. Добуш берүүдө комиссиянын ар бир мүчөсү бирден добушка
ээ.
Конкурстук комиссиянын чечими анын катышкан мүчөлөрүнүн санынын
жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ болуп калган
учурда Конкурстук комиссиянын төрагасы добуш берген Конкурстук комисси-
янын чечими кабыл алды деп эсептелинет.
Конкурстук комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага засе-
даниеге катышкан Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат.
7.9. Арыздарды кабыл алуу жана конкурстун талапкерлерине статус
ыйгаруу жөнүндө Конкурстук комиссиянын чечими арыздарды кабыл алуу про-
токолу менен таризделет. Арыздарды кабыл алуу протоколунда төмөнкүлөр
келтирилет:
- Талапкерлердин аталыштарын көргөзүү менен бардык кабыл алынган
Арыздардын тизмеси;
- кайра суралып алынган арыздардын тизмеси;
- баш тартуунун негиздерин көргөзүү менен конкурска катышууга жол
берилбеген Талапкерлердин Арыздарынын тизмеси.
7.10. Арыздары конкурска катышууга жол берилбеген жактарга анын
суроо-талабы боюнча арыздарды кабыл алуу протоколунун көчүрмөсү бери-
лет.
7.11 . Конкурстун талапкери арыздарды кабыл алуу протоколу тариз-
делгенге чейин кеминде 3 (үч) жумушчу күнүндөгү мөөнөттө Конкурстук ко-
миссияга жазуу жүзүндө кабарлоо аркылуу катталган арызды кайрап сурап
алууга укуктуу.
8. Конкурска катышууга арыздарды камсыздоо
8.1. Конкурстун талапкеринин статусу арыздарды кабыл алуу протоко-
луна Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кол койгон жана 500 (беш жүз) мињ
сом өлчөмүндө кепилдик взносту төлөгөн күндөн тартып ыйгарылат.
8.2. Кепилдик взнос Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-
каруу боюнча мамлекеттик комитетинин атайын процентсиз депозиттик эсе-
бине төгүлөт.
8.3. Кепилдик взностун суммасы проценттерди эсептөөсүз толук орду
толтурулууга тийиш жана конкурстун талапкеринин эсебине 10 (он) жумушчу
күнүнүн аралыгында төмөнкүдөй учурларда кайтарылат, эгерде:
- Конкурс болгон жок деп табылса;
- Талапкер конкурстун жењүүчүсү деп таанылбаганда;
- Талапкер белгиленген мөөнөттө өзүнүн конкурстук сунушун кайра
ала алат.
8.4. Конкурстук комиссия тарабынан мыкты деп таанылган үч Талап-
кердин кепилдик взностору конкурстун жењүүчүсү менен "Ысык-Көл" эл ара-
лык аэропортун реконструкциялоо боюнча Инвестициялык макулдашууга кол
коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу бо-
юнча мамлекеттик комитетинин депозиттик эсебинде сакталат.
8.5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитетинин депозиттик эсебине кепилдик взносту которууну
тастыктаган банктык документтин көчүрмөсү Конкурстук комиссиянын даре-
гине Талапкердин коштомо катына тиркелет.
8.6. Жењүүчү деп табылган Талапкер тарабынан которулган кепилдик
взностун суммасы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого ин-
вестициялык салымдардын жалпы суммасында эсептелет.
8.7. Конкурстун жењүүчүсү менен "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун
реконструкциялоо боюнча Инвестициялык макулдашууга кол коюлгандан кий-
ин, Конкурстук комиссия тарабынан жењүүчү деп таанылбаган Талапкерлер-
дин кепилдик взностору көрсөтүлгөн Макулдашууга кол коюлган күндөн тар-
тып 30 күндүк мөөнөттө Талапкерге кайтарылууга тийиш.
8.8. Кепилдик взнос төмөнкүдөй учурларда кайтарылбайт, эгерде:
- Талапкер конкурстук сунуштарды берүүнүн белгиленген мөөнөтү бүт-
көндөн кийин өзүнүн конкурстук сунушун кайра сурап алса;
- конкурстун жењүүчүсү деп таанылган Талапкер "Ысык-Көл" эл аралык
аэропортун реконструкциялоо боюнча Инвестициялык макулдашууну түзүүдөн
баш тартса;
- конкурстун Талапкери Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен жана
"Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого карата башка Талап-
керлер менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү же макулдашууларды түзгөн фак-
тысы аныкталса.
8.9. Ушул Жобонун 8.8-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн улам конкурска
катышууга кепилдик взносту кайтарып бербөөнүн суммасы жөнүндө чечим
Конкурстук комиссия тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү протоколдо ча-
гылдырылат, Конкурстук комиссиянын заседаниесинде бекитилет.
8.10. Кепилдик взносту которуу боюнча банктык операцияларды ишке
ашырууга карата бардык чыгымдарды конкурстун Талапкери өзүнө алат.
9. Талапкердин укуктары жана милдеттери
9.1. Конкурстук процесстин жүрүшүндө өздөрүнүн кызыкчылыктарын
көрсөтүш үчүн Талапкер жеке адамдын наамына ишеним катты жазуу жүзүндө
тариздөө менен Ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындашы мүмкүн.
9.2. Ыйгарым укуктуу өкүл Конкурстук комиссияга байланышуу маалы-
матын берүүгө тийиш (телефон жана факстардын номери, дареги, электрон-
дук почтанын дареги (е-mail) жана башка байланышуу маалыматтарын).
9.3. Талапкер төмөнкүлөргө укуктуу:
- конкурстук документтердин толук пакетин алууга;
- конкурстук сунуштарды берүүгө;
- конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин конкурстук
сунуштарды кайра сурап алууга;
- инвестициялоо объектисине тиешелүү кошумча маалыматтарды алууга;
- конкурстук сунуштарды ачуу жол-жобосунда катышууга жана Конкурс-
тук комиссиянын заседаниесинин протоколунда көрсөтүлүүчү бүткүл жол-жо-
бо учурунда өзүнүн эскертүүлөрүн жана сунуштарын киргизүүгө;
- түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылууга. Түшүнүк алуу өтүнүчү
конкурстук сунуштарды кабыл алынуучу күндүн акыркы мөөнөтүнө 5 (беш)
жумушчу күндүн ичинде берилсе анда Конкурстук комиссия бул өтүнүчтү ка-
роого кабыл албайт.
9.4. Талапкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Конкурстук комиссияга өзүнүн иш-аракети, укуктук жана финансылык
абалы жөнүндө ишенимдүү маалымат берүүгө;
- Конкурска катышууда таасир бере турган компаниянын укуктук
жана/же финансылык абалындагы олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө Конкурстук ко-
миссияга тез арада маалымат берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын жана ушул Жобону
жетекчиликке алууга;
- Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү же реконструкциялоого тийиш объ-
ект боюнча башка Талапкерлер менен кайсы бир сүйлөшүүлөргө жана макул-
дашууларга кирбөөгө.
10. Конкурстук сунуштарды даярдоого жана берүүгө
коюлуучу жалпы талаптар
10.1. Конкурстук сунуштар кулактандырууда жана Конкурстун шартта-
рында көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилбей берилет.
10.2. Конкурстук сунуштар каттоо журналында катталат жана атайын
сейфте сакталат.
10.3. Сунуштарды кабыл алуу бүткөн күнү, Конкурстук комиссия кат-
тоо журналды жабууну акыркы Талапкердин маалыматы катталгандан кийинки
сапка тиешелүү жазуу менен бүтүрөт.
10.4. Конкурстук сунуштар орус жана англис тилдеринде берилет.
Орус жана англис тилдеринин тексттеринде пикир келишпестик болгон учур-
да орус тили артык күчкө ээ. Бардык суммалар, анын ичинде Реконструкци-
ялоонун баасы жазуу жүзүндө жана сом менен берилет.
10.5. Талапкерлер конкурстук сунуштарын 2 (эки) түп нускада, Та-
лапкердин толук аталышын, дарегин, жалпы бир тышкы пакетке салып, Кыр-
гыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ко-
митетинин дарегин көрсөтүү менен берет.
10.6. Эгерде, конкурстук сунуш почта аркылуу Кыргыз Республикасы-
нын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин дарегине
жиберилсе, анда почта жеткирген күн конкурстук сунуштун Конкурстук ко-
миссияга түшкөн күнү болуп саналат.
11. Конкурстук сунуштун мазмуну
11.1. Конкурстук сунуштар төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- долбоордун чыгаша сметаларын жана ишке ашыруунун этаптарынын
мөөнөттөрүн көрсөтүү менен "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструк-
циялоонун техникалык-экономикалык негиздемсин;
- коштоочу катты.
11.2. Конкурстук сунуштар өзүнө төмөнкү негизги шарттарды камтышы
керек (анын ичинде "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого
инвестициялык конкурс өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 5-декабрындагы N 832 токтомунун 1 жана 5-пункттарында көр-
сөтүлгөн бардык шарттар):
- биринчи жылдын ичинде:
учуп-конуу тилкелерин 1800 метрге узартуу менен реконструкциялоону
жүргүзүү, рулеждик жолдорду куруу жана бир эле учурда ТУ-154 сыяктуу 6
дан кем эмес аба кемелери токтоп турууну камсыз кылуучу перронду кењей-
түү;
саатына 400 жүргүнчүдөн кем эмес тейлөөнү камсыз кылган баардык
зарыл инфраструктуралары менен бирге жүргүнчүлөр терминалын (аэровок-
зал) курууну ишке ашыруу;
ИКАОнун 1-категориясы боюнча аэронавигациялык жана жарык аркылуу
берилүүчү сигналдардын жабдууларын алып келүүнү жана монтаждоону уюшту-
руу;
- биринчи үч жылдын ичинде:
аэропорттун аймагында селден коргоочу курулмаларды курууну камсыз
кылуу;
- беш жылдын ичинде:
"Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоо боюнча долбоорду
алыскы магистралдык аба кемелерин, жүк жана жүргүнчүлөрдү татуу агымын
жарандык авиациянын эл аралык нормаларына жана Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык кабыл алуу жана тейлөө үчүн эл аралык класстагы аэ-
ропорттордун дењгээлине жеткирүү менен толук ишке ашырууну камсыз кы-
луу;
Ысыккөл облусунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү фондуна инфрас-
труктураны өнүктүрүүгө жана экологияны коргоого пайдасына карабастан
кеминде 1 миллион АКШ долларын төгүү;
- долбоорду ишке ашыруу мезгилинде:
аэропортту реконструкциялоо боюнча иштерди жүзөгө ашырууда жана
аны эксплуатациялоодо экологиялык нормаларды жана жерди пайдалануунун
эрежелерин сактоо;
- аэропортту эксплуатациялоодо Ысыккөлдүн үстүнөн күйүүчү жана зы-
яндуу заттардын ташталышына жол бербөө.
11.3. Конкурс стратегиялык инвесторлорду тартуунун төмөнкүдөй ык-
маларын колдонуу менен өткөрүлөт:
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун жана Кон-
курстун Жењүүчүсүнүн ортосунда биргелешкен ишкана (БИ) түзүү, келечекте
бул БИ "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоо боюнча Жењүүчү-
нүн бизнес-планын жүзөгө ашырат;
- Конкурстун Жењүүчүсү мурда республикалык бюджеттен бөлүнгөн бар-
дык каражаттарды жана "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик
коому тарабынан "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун курууга байланыштуу чы-
гымдардын ордун белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рына ылайык толтурат. Андан ары Конкурстун Жењүүчүсү "Ысык-Көл" эл ара-
лык аэропортун реконструкциялоо боюнча бизнес-планын жүзөгө ашырат жана
анын менчик ээси болуп калат.
12. Конкурстук сунуштарды баалоонун критерийлери
12.1. Конкурстук сунуштар төмөнкүдөй критерийлердин негизинде баа-
ланат:
- "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун толук реконструкциялоонун мөө-
нөттөрү (реконструкциялоо канчалык тез өткөрүлсө, ошончолук жакшы);
- "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоону аяктоодо аэ-
ропорттун эл аралык класстагы дењгээлине ылайык эксплуатациялоо серти-
фикаттарын алуу боюнча эњ жакшы сунуш (канчалык классы жогору болсо,
ошончолук жакшы);
- инвестициялардын күтүлүүчү көлөмү (инвестициялардын көлөмү кан-
чалык чоњ болсо, ошончолук жакшы).
13. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби
13.1. Конкурстук сунуштарды ачуу орду, күнү жана убактысы Конкурс-
тук комиссиясынын чечими менен аныкталат.
13.2. Конверттерди Конкурстук комиссиясынын төрагасы ачат, прото-
колдо тиешелүү жазуу менен таризделет.
13.3. Конкурстун Жењүүчүсүн аныктоо боюнча Конкурстук комиссиянын
чечими ушул Жобонун 7.8-пунктунда каралган тартипте кабыл алынат.
13.4. Төмөнкүдөй учурларда Конкурс болгон жок деп эсептелет, эгер-
де :
- Конкурска катышуу үчүн бир дагы арыз берилбесе;
- эки Талапкерден кем арыз берилсе;
- Талапкерлердин баардыгы алдын-ала квалификациялык тандоодон өт-
пөй калса;
- "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоо боюнча Инвести-
циялык макулдашуу бир дагы Талапкер менен түзүлбөсө.
14. "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого
Инвестициялык макулдашууну түзүү
14.1. Жењүүчү менен сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Конкурстук ко-
миссия жактырылган Талапкер менен "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун ре-
конструкциялоо боюнча Инвестициялык макулдашуунун акыркы вариантын
изилдейт жана жактырат.
14.2. Конкурстун жењүүчүсү жењип алган күндөн тартып кырк беш күн-
дүк мөөнөттүн ичинде "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоо
боюнча Инвестициялык макулдашуу келишимин түзүүсү зарыл.
14.3. Эгерде, ушул Жобонун 14.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө Ин-
вестициялык макулдашуу түзүлбөсө, анда Конкурстун жењүүчүсү жењүүчүлөр-
дүн катарынан четтетилет, аны менен сүйлөшүүлөр токтотулат жана кепил-
дик взносу кайтарып берилбейт. Бул учурда Конкурстук комиссия Конкурста
экинчи орунду алган Талапкерди тандайт. Эгерде, "Ысык-Көл" эл аралык
аэропортун реконструкциялоо боюнча Инвестициялык макулдашуу кырк беш
жумушчу күндүн ичинде экинчи талапкер менен түзүлбөсө, аны менен сүйлө-
шүүлөр токтотулуп, кепилдик взносу кайтарып берилбейт. Мындан кийин
Конкурстук комиссия "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоо
боюнча Инвестициялык макулдашуу түзүүгө Конкурстан үчүнчү орунду ээле-
ген катышуучуну чакырат. Эгерде Конкурстан үчүнчү орунду ээлеген Талап-
кер менен дагы Инвестициялык макулдашуу түзүлбөй калса, Конкурстук ко-
миссия сүйлөшүүлөрдү токтотуп, кепилдик взносун кайтарып бербейт жана
Конкурсту токтотуп жањы Конкурс жарыялоого укуктуу. Талапкерлер аффи-
лирленген жак боло албайт.
14.4. Конкурстук комиссиянын макулдугу боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан
башка чечимдер кабыл алынбаса, "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконст-
рукциялоо боюнча Инвестициялык макулдашууга Конкурстун жењүүчүсү менен
кол коюлгандан кийин отуз жумушчу күн өткөндө бүтүм аяктады деп эсепте-
линет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-декабрындагы №832 "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялык конкурс өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2006 · № 832 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябры № 478 "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялык конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө…Постановление · 19.10.2007 · № 478 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-декабрындагы № 630 "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялык конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби…Постановление · 29.12.2007 · № 630 · Күчүн жоготкон