# (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы N 457 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин атайын эсеби жөнүндө Жобо

- Толук аталышы: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы N 457 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин атайын эсеби жөнүндө Жобо
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 457
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58712>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2403/edition/605435/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58712.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы N 457 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин атайын эсеби жөнүндө Жобо (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58712

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы N 457 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Маданият,маалымат жана туризм министрлигинин атайын эсептин каражаттары жөнүндө ЖОБО (КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Маданият,маалымат жана туризм министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын түзүү жана аны сарптоонун тартибин аныктайт. (КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Маданият,маалымат жана туризм министр-

Лигинин (мындан ары - Министрлик) атайын эсептин каражаттары төмөнкүдөй максатта тγзγлѳт: Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн натыйжалуу иште- ши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык шарттарды түзүү;

- Министрлик системасындагы кызматкерлерди социалдык жактан кор-

гоону жана гарантиялоону камсыз кылуу, алардын өз иштеринин жыйынтыгына болгон кызыкчылыктарын арттыруу;

- Министрлик системасындагы кызматкерлердин квалификацияларын жо-

горулатуу;

- Министрлик системасындагы кызматкерлерге, Кыргыз Республикасынын

эл артисттерине, Кыргыз Республикасынын маданиятка жана искусствого эм- гек сињирген ишмерлерине бир мезгилдүү материалдык жардамдарды көрсө- түү. (КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

2. Министрликтин атайын эсептин каражаттарынын Кыргыз Республика-

сынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгында ачылат. (КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык) II. Атайын эсепти түзүү булактары

3. Атайын эсептин каражаттары төмөндөгүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелер-

дин депозиттик суммалары жана атайын каражаттары жөнүндө" Кыргыз Рес- публикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы N 531 токтому менен бекитилген Жобого ылайык Министрликтин ведомстволук мекемелеринин атайын каражаттарынан 10 пайызга чейинки которуулардан;

- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу взносторунан, жана Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан алынган ка- ражаттардан. (КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык) III. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби

4. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:

- Министрликтин кызматкерлерине, анын ичинде пенсионерлерине, пен-

сияга чыккандыгына байланыштуу иштен бошогон кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын эл артисттерине, Кыргыз Республикасынын маданиятка жана искусствого эмгек сињирген ишмерлерине дарылануу жана башка максаттар үчүн бир мезгилдүү материалдык жардамдарды көрсөтүүгө;

- ден-соолукту чыњдоо мекемелерине жолдомолордун наркын Минист-

рликтин кызматкерлерине жарым-жартылай компенсациялоого;

- кызматкерлерди бир жолку сыйлоого;

- кызматтык максаттар үчүн автотранспортторду, аларга запастык бө-

лүктөрдү жана күйүүчү-майлоочу майларды сатып алууга;

- эмгек келишимдери жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча күтүл-

бөгөн чарбалык жумуштарды аткарууга;

- Министрликтин ишмердигин материалдык-техникалык камсыз кылууга

жана Министрликтин кызматкерлеринин турмуш-тиричилик шарттарын жакшыр- тууга;

- тапшырылган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу боюнча Ми-

нистрликтин мекемелеринин иштерин жакшыртууга багытталган башка иш-ча- раларга.

5. Атайын эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын Маданият,

маалымат жана туризм министрлигинин борбордук атайын эсебине топтолот. (КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

6. Атайын эсептин каражаттарын тескөөчүлөр болуп Кыргыз Республи-

касынын маданият,маалымат жана туризм министри жана Министрликтин бюд- жеттин ассигнованиелерди тескөө укугу берилген статс-катчысы эсептелет. (КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)

7. Атайын эсептин каражаттарынын отчеттук жылдын аягында калган

калдыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
