Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « 2007-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-11-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 14-ноябры №549
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2007-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасын
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2007-жылдын январь-сентябрында эко-
номикалык өсүш тенденциясы сакталгандыгын белгилейт. Экономиканын бар-
дык негизги секторлорунда дурус өсүш темптерине жетишилди. Социал-
дык-экономикалык өнүктүрүүнүн белгиленген оњ тенденцияларын бекемдөө
жана күчөтүү, ошондой эле 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратеги-
ясында жана 2007-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттери-
нин планында каралган максаттарга жетишүү боюнча иштер жүргүзүлгөн.
ИДП өндүрүшү 98861,0 млн. сом суммасында түзүлгөн, ал эми анын ре-
алдуу өсүшү 2006-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 8,5 процентти
түзгөн. ИДПнын реалдуу өсүшү "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларды кош-
погондо 9,2 процентти түзгөн.
2007-жылдын 9 айында өнөр жайда 41535,7 млн. сом суммасында өнөр
жай продукциясы өндүрүлгөн. Өнөр жайлык продукциянын физикалык көлөмү-
нүн индекси 106,5 процентти, "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларды кош-
погондо - 111,2 процентти түзгөн.
2007-жылдын 9 айында электр энергетикасындагы өсүш темпи 109,3
процентти түзгөн. Тармакты андан ары өнүктүрүү максатында Камбарата
ГЭС-2ни куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
2007-жылдын январь-сентябрында айыл чарба, ањчылык жана токой чар-
басынын продукцияларын дүњ чыгаруу 67857,8 млн. сомду түзгөн, бул
2006-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 2,2 процентке көп.
Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 14543,1 млн. сомду түз-
гөн же 2006-жылдын ушундай мезгилиндеги дењгээлден 39 процентке көп.
2007-жылдын башынан бери курулуштун дүњ продукциясынын жалпы көлөмү
12140,7 млн. сомду түзгөн же 2006-жылдын ушундай мезгилинен 39,2 про-
центке көп.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча
2007-жылдын 9 айында мамлекеттик бюджет 2492,2 млн. сом суммасында про-
фицит менен аткарылган.
2007-жылдын январь-августунда товарлардын тышкы соода жүгүртүүсү
2372 млн. АКШ долларын түзгөн жана 2006-жылдын ушундай мезгилинде са-
лыштырганда 48,3 процентке көбөйгөн. Республиканын экспорттук берүүлөрү
38,3 процентке, импорттук түшүүлөр - 53 процентке өскөн. Соода балансы-
нын терс сальдосу түзүлгөн жана 66,5 процентке өскөн.
2007-жылдын январь-сентябрында сомго карата АКШ долларынын орточо
расмий курсу бир долларга 38,05 сомду түздү жана 2006-жылдын ушундай
мезгилине салыштырганда 6,3 процентке төмөндөдү. 2007-жылдын сентябрын-
да АКШ долларынын орточо курсу бир долларга 36,8 сомду түздү.
Чарбакер субъекттердин ишкер активдүүлүгүнүн өсүшү, калктын кире-
шелеринин жогорулашы, банк системасындагы кырдаалдын жакшырышы, коммер-
циялык банктарда депозиттердин агымынын андан ары көбөйүшүнө көмөктөш-
тү, алардын көлөмү 2007-жылдын январь-августунда 31,4 процентке көбөй-
үп, 2007-жылдын августунун аягында 20,1 млрд. сомду түздү. Бул экономи-
ка тармактарын кредиттөө көлөмдөрүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.
2007-жылдын 1-сентябрына карата коммерциялык банктардын кредиттик порт-
фели 20,4 млрд. сомду түздү же 2006-жылдын тийиштүү мезгилине салыштыр-
ганда 80 процентке көбөйдү. Мында улуттук валютадагы проценттик ставка-
лар 3,2 проценттик пунктка төмөндөп, 2007-жылдын 1-сентябрына карата
22,7 процентти түздү.
2007-жылдын 9 айында калктын жан башына орточо минималдуу керектөө
бюджети 2654,03 сомду, эмгекке жарамдуу курактагы калк үчүн - 2927,15
сомду, пенсиялык курактагыларга - 2313,65 сомду, балдарга - 2276,21
сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык 2007-жыл-
дын 1-январынан тартып саламаттык сактоо, билим берүү, илимий мекеме-
лердин, маданият жана социалдык коргоо кызматкерлерине эмгек акы 30
процентке көбөйдү. Мында республика боюнча номиналдуу орточо айлык эм-
гек акы (чакан ишканаларды кошпогондо) 2007-жылдын январь-сентябрында
3746,2 сомду, ал эми инфляцияны эске алуу менен реалдуу өсүш - 25,4
процентти түздү.
Ошону менен бирге 2007-жылдын августунан тартып экономиканын өсү-
шүнүн айрым басањдай түшүшү байкалууда, бул негизинен азык-түлүк про-
дукцияларынын негизги түрлөрүнө баанын кескин жогорулашынан 2006-жылдын
тийиштүү мезгилине карата чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн азайышына
байланыштуу. 2007-жылдын январь-сентябрында инфляциянын дењгээли 10,3
процентти түздү.
Инфляциянын өсүшүнүн монетардык фактору жүгүртүүдөгү М2Х акча мас-
сасынын көлөмүнүн көбөйүшү болуп саналат, ал 2007-жылдын башынан тартып
33,7 процентке өскөн.
Инфляцияны кармоо максатында Кыргыз Республикасында инфляцияны
токтотуу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
2007-жылдын 30-августундагы N 385/40/2 биргелешкен токтому менен беки-
тилген.
Негизги азык-түлүк продуктуларына баанын кескин өсүшү агрардык
сектордун начарлашы жана дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баанын өй-
дө-төмөндүгүнө карата ата мекендик рыноктун жогорку сезгичтиги менен
шартталган. Негизги тамак-аш азыктарынын керектөө структурасындагы им-
порттун үлүшү мурдагыдай эле өтө жогору бойдон калууда. Буга дан өсүм-
дүктөрүн себүү аянтынын кыскарышынын туруктуу тенденциясы жана тамак-аш
азыктарына калктын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн суроо-талабынын өсүшү көмөкчү
болууда.
Баанын өсүшүн токтотуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөнкүлөргө багыт-
талган иш-чаралардын комплекси иштелип чыкты:
- негизги азык-түлүк продуктуларын өндүрүүнү стимулдоого, импортко
жана экспортту чектөөгө төмөнкүлөр аркылуу:
- азык-түлүк буудай данын, унду, нан-булочка азыктарын жана
өсүмдүк майын өндүрүүчүлөргө, импорттоочуларга жана сатуучуларга КНСтин
басымын азайтуу;
- нан чыгаруу жана сатуу боюнча иштерди ыктыярдуу патенттөө тизме-
сине киргизүү;
- 20 тоннага чейин азык-түлүк буудай данын жана унду импорттоочу
жеке адамдар үчүн бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
- азык-түлүк буудай данын жана унду ташып чыгууга сезондук пошли-
наларды киргизүү;
- айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө бюджеттик ссуда берүү;
- республикада өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын мамлекеттик
сатып алуу;
- зарыл сандагы азык-түлүк буудай даны, ун жана нан-булочка азык-
тары менен республиканы төмөнкүлөр аркылуу камсыздоого:
Казакстан Республикасынан 3-класстан төмөн болбогон азык-түлүк бу-
удай даны менен мамлекеттик резервдин запастарын толуктоо;
субсидияланган баа боюнча калктын социалдык аялуу катмарына мамле-
кеттик резервден ун сатуу;
базардагыдан төмөн баа боюнча азык-түлүк буудай даны жана ун менен
республиканын региондору боюнча максаттуу интервенцияларды ишке ашыруу;
- ликвиддүүлүктү азайтуу аркылуу жүгүртүүдөгү М2Х акча массасынын
көлөмүнүн өсүшүн басањдатууга.
Калкты өтө зарыл азык-түлүк товарлары менен камсыздоо жана
азык-түлүк рыногундагы абалды турукташтыруу боюнча чараларды иштеп чы-
гуу жана жүзөгө ашыруу жагындагы иштерди координациялоо үчүн Кыргыз
Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењеш түзүлгөн.
Социалдык колдоо көрсөтүү максатында пенсиялардын базалык бөлүгү
400 сомго чейин жана пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн суммасы 10
процентке жогорулатылган. Ар бир айлык социалдык пособиелерге 100дөн
300 сомго чейин үстөктөр белгиленген. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн
үзгүлтүксүз негизде мамлекеттик резервден субсидияланган баа боюнча ун
сатылууда.
Жогоруда саналган иш-чаралар жана көрүлгөн чаралар оперативдүү мү-
нөзгө ээ, алардын бөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине
ылайык ишке ашырылып жатат.
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун жана 2008-2010-жылдарга Кыргыз Респуб-
ликасынын азык-түлүк рыногун өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын
долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгы бышып жетилди, ал азык-түлүк рыногунун
туруктуу иштешин камсыздоого багытталууга тийиш.
Республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн оњ тенденцияларын
бекемдөө жана 2007-жылга белгиленген максаттарга жетишүү үчүн колдо
болгон резервдерди мобилизациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтү токтом кылат:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-майындагы N 191 токтому менен бекитил-
ген, 2007-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттеринин пла-
нын аткаруу боюнча бардык чараларды көрүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги менен бирдикте:
- 2008-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чык-
сын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун;
2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын азык-түлүк рыногун өнүк-
түрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун;
2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин
өнүктүрүүнүн комплекстүү программасынын долбоорун;
- азык-түлүк рыногунун коньюнктурасына дайыма талдоо жүргүзсүн жа-
на ай сайын отчеттон кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн Аппаратына иштин натыйжалары тууралуу маалымат бе-
рип турсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
милдетин аткаруучу А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24 июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жогору турган органдарынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик…Постановление · 24.06.2008 · № 329 · Күчүн жоготкон