# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 548 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 548 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 548
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58709>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12467/edition/348475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58709.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 548 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Токтому (15.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58709

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 14-ноябры № 548

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-апрелиндеги

"Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду

киргизүү жөнүндө" Жарлыгы тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 24-августундагы № 384 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" жө-

нүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №

612 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин штатында министр-

дин биринчи орун басарынын статусу менен статс-катчынын кызмат орду жа-

на министрдин эки орун басарынын кызмат орду болоору белгиленсин.";

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

10 жана 11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10. Адилет министрлигин министр башкарат, ал Кыргыз Республикасы-

нын Конституциясында каралган тартипте кызматка дайындалат жана кызмат-

тан бошотулат.

11. Адилет министринин статс-катчысы жана эки орун басары болот.

Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунуштоосу боюнча

жана министрдин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Статс-катчынын

функциялары менен ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бе-

киткен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жө-

нүндө жобо менен аныкталат. Министр статс-катчыга башка функцияларды

жана ыйгарым укуктарды аткарууну тапшырышы мүмкүн.

Министрдин орун басарлары министрдин сунуштоосу боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кыз-

маттан бошотулат, министрге тикеден-тике баш ийишет жана өздөрүнө жүк-

төлгөн милдеттенмелердин чегинде Адилет министрлигинин ишмердигин уюш-

турушат.";

12-пунктунун бешинчи абзацындагы "ыйгарым укуктарын белгилейт" де-

ген сөздөрдөн мурда "жана статс-катчынын" деген сөздөр менен толуктал-

сын;

13-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"13. Адилет министрлигинде 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Ми-

нистр (төрага), статс-катчы жана министрдин орун басарлары кызматы бо-

юнча коллегия мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын калган мүчөлөрү ми-

нистрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабы-

нан бекитилет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет.".

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигине тиешелүү айрым чечимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 280 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү-

лөр киргизилсин:

- токтомдун кириш сөзүндөгү "Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 27-апрелиндеги № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин

кээ бир чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө", 2007-жылдын

16-мартындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюшту-

руу чаралары жөнүндө" жарлыктарына" деген сөздөр "2007-жылдын 16-мар-

тындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу ча-

ралары жөнүндө" Жарлыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пунктунун үчүнчү, төртүнчү, он жетинчи, жыйырманчы, жыйырма

экинчи, отуз тогузунчу жана кыркынчы абзацтары алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги өзүнүн чечимдерин

ушул токтомго ылайык келтирсин.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу А.Атамбаев
