Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Реестрде документтин статусу: «Утратил силу». Күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүдөн мурун учурдагы редакциясын текшериңиз. «Постановление Правительства КР от 15 декабря 2009 года № 764 "О Министерстве юстиции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-12-15.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 14-ноябры № 548
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-апрелиндеги
"Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду
киргизүү жөнүндө" Жарлыгы тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 24-августундагы № 384 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" жө-
нүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №
612 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин штатында министр-
дин биринчи орун басарынын статусу менен статс-катчынын кызмат орду жа-
на министрдин эки орун басарынын кызмат орду болоору белгиленсин.";
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
10 жана 11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Адилет министрлигин министр башкарат, ал Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясында каралган тартипте кызматка дайындалат жана кызмат-
тан бошотулат.
11. Адилет министринин статс-катчысы жана эки орун басары болот.
Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунуштоосу боюнча
жана министрдин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Статс-катчынын
функциялары менен ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бе-
киткен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жө-
нүндө жобо менен аныкталат. Министр статс-катчыга башка функцияларды
жана ыйгарым укуктарды аткарууну тапшырышы мүмкүн.
Министрдин орун басарлары министрдин сунуштоосу боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кыз-
маттан бошотулат, министрге тикеден-тике баш ийишет жана өздөрүнө жүк-
төлгөн милдеттенмелердин чегинде Адилет министрлигинин ишмердигин уюш-
турушат.";
12-пунктунун бешинчи абзацындагы "ыйгарым укуктарын белгилейт" де-
ген сөздөрдөн мурда "жана статс-катчынын" деген сөздөр менен толуктал-
сын;
13-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Адилет министрлигинде 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Ми-
нистр (төрага), статс-катчы жана министрдин орун басарлары кызматы бо-
юнча коллегия мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын калган мүчөлөрү ми-
нистрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабы-
нан бекитилет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет.".
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигине тиешелүү айрым чечимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 280 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү-
лөр киргизилсин:
- токтомдун кириш сөзүндөгү "Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 27-апрелиндеги № 208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин
кээ бир чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө", 2007-жылдын
16-мартындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюшту-
руу чаралары жөнүндө" жарлыктарына" деген сөздөр "2007-жылдын 16-мар-
тындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу ча-
ралары жөнүндө" Жарлыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунун үчүнчү, төртүнчү, он жетинчи, жыйырманчы, жыйырма
экинчи, отуз тогузунчу жана кыркынчы абзацтары алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги өзүнүн чечимдерин
ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · ага шилтеме бергендер: 4 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (4)
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №612 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 23.12.2005 · № 612 · Күчүн жоготкон
- Положение о Министерстве юстиции Кыргызской Республики (утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 декабря 2005 года № 612)Положение · 23.12.2005 · № 612 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 280 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине тиешелүү айрым чечимдери…Постановление · 23.07.2007 · № 280 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
Документ шилтеме берген актылар (7)
- Указ Президента КР от 24 августа 2007 года УП N 384 "Об Указе Президента Кыргызской Республики "О внесении дополнений в некоторые решения Президента Кыргызской Республики" от 27…Указ · 24.08.2007 · № 384
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №612 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 23.12.2005 · № 612 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 280 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине тиешелүү айрым чечимдери…Постановление · 23.07.2007 · № 280 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 96 «Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн түзүмү жөнүндј» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу…Указ · 16.03.2007 · № 96 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-апрелиндеги №208 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө"Указ · 27.04.2007 · № 208 · Күчүн жоготкон