Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-11-09.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 9-ноябры N 542
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын 2007-жылга
республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу
боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө
2007-жылы бюджетти сапаттуу аткаруу максатында Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитети жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жер-
гиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдары менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга рес-
публикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган
салыктык жана башка төлөмдөрдүн бюджеттин кирешесине түшүүсүн камсыз-
дашсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- уюмдар, мекемелер, ишканалар, анын ичинде мамлекеттик органдар
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башка максатка пайдала-
нышкан бюджеттик каражаттар тийиштүү бюджеттерге алынууга тийиш;
- эгер карыз каражаттарды кайра төлөө боюнча кредиттик документ-
тердин шарттарында башкача каралбаса, кайтарымдуу негизде берилген бюд-
жеттик каражаттарды өз убагында кайтарбагандык, ошондой эле аларды пай-
далангандык үчүн проценттерди төлөөнү кечиктирүү мамлекеттик колдоонун
бардык формаларын кыскартууга же токтотууга, Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын колдонуудагы эсептик ставкасынын эки эсе өлчөмүндө
айып салууга негиз болот;
- уюмдарга, мекемелерге, анын ичинде мамлекеттик органдарга жана
жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарына берилген бюджеттик ссуда-
ларды, кредиттерди, ошондой эле ал каражаттарды пайдалангандык үчүн
акыны төлөө бюджетке милдеттүү төлөмдөргө тењештирилет жана биринчи ке-
зекте ишке ашырылат.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор. аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- эл аралык уюмдар жана донор өлкөлөр берүүчү программалык кредит-
терди алуу жөнүндө макулдашууларда каралган шарттардын аткарылышына ка-
туу контроль орнотушсун, ал үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигин жана
ай сайынкы отчеттуулугун белгилешсин;
- жылуулук жана электр энергиялардын 2007-жылга карата белгиленген
лимитин катуу сакташсын. Лимиттен ашкан учурда бюджеттик уюмдардын же-
текчилерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык админист-
рациялык таасир этүү чаралары колдонулат;
- эмгек акы боюнча 2007-жылга карата белгиленген лимитти катуу
сакташсын, эмгек акы төлөө фондунун лимитинен ашкандык үчүн бюджеттик
мекемелердин жетекчилеринин жеке жоопкерчиликтерин аныкташсын;
- бюджеттин кирешелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши бекиткен көрсөткүчтөрдү кыскартуу өтүнүчү менен кайрылган учурда
алынбай калуучу кирешелердин ордун жабуунун башка булактарын табышсын;
- чыгымдардын корголгон статьяларын каржылоо үчүн жоопкерчиликти
жогорулатышсын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын башчылары жергиликтүү бюджеттердин
2006-жылы толук каржыланбай калган айрым топтор боюнча сарптоолорун
алардын 2007-жылга карата бюджеттеринде каралган ассигнованиелердин
эсебинен жана чектеринде компенсациялашсын. Коммуналдык кызматтар жана
аткарылган жумуштар (кызмат көрсөтүүлөр) үчүн карыздын өз убагында жою-
лушуна контроль орнотушсун.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюд-
жети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүдөй
түшүүлөргө контролду камсыздасын:
- ишканалардагы акциялардын мамлекеттик үлүшүнө дивиденддерге;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн ижаралык төлөмгө.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казына-
лыгы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин Суу чарба департаменти жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюн-
ча мамлекеттик агенттик менен бирдикте бир айлык мөөнөттүн ичинде жого-
руда аталган ведомстволор отундук-материалдык баалуулуктар түрүндө
алуучу жана сарптоочу атайын каражаттардын кирешелеринин жана чыгымда-
лышынын көлөмдөрүн эсепке алуу механизмин иштеп чыксын жана бекитсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономи-
каны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алган
жана "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген көрсөткүчтөргө ылайык
чарбакер субъекттерге кредитке берилген бюджеттик ссудалардын жана чет
өлкөлүк кредиттердин кайра төлөнүшүн камсыздасын.
8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Өзгөчө кырдаалдарды
жоюу фондуна 2007-жылы негизги мамлекеттик программалар жана иш-чаралар
боюнча түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө буйруктун долбоорун бир
жумалык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 1995-1996-жылдарда
алынган бюджеттик ссудаларды төлөөгө каралган суммаларды "Кыргыз Рес-
публикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамы менен бекитилген чектерде которууну камсыздоо сунуштал-
сын.
10. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведом-
стволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө-
гү мекемелеринен башкаларга атайын каражаттарды Казыналык системасын
аттап өтүп пайдаланууга тыюу салышсын. Бул тартип бузулса атайын кара-
жаттын 50 проценти тийиштүү дењгээлдеги бюджеттин кирешесине алынат;
- мектептердин утурумдук ремонту жана окуу китептердин ижарасы
үчүн ата-энелерден акы алууга тыюу салышсын;
- жергиликтүү бюджеттердин 2007-жылга карата бюджеттик классифика-
циянын: эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна взностор,
медикаменттер, тамактануу, стипендиялар жана башка социалдык төлөмдөр
сыяктуу элементтеринин жана статьяларынын чыгымдарын биринчи кезекте
каржылашсын;
- бюджеттик классификациянын бул статьяларын жана элементтерин өз
убагында жана толук каржылоо үчүн жоопкерчилик тийиштүү министрликтер-
дин жана ведомстволордун жетекчилерине жүктөлсүн.
11. Бюджеттер аралык мамиленин эки дењгээлдүү системасына өтүүгө
байланыштуу:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бюджеттик мекемелерди "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга респуб-
ликалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каржы-
лоону караштырсын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдары менен бирдикте төмөнкүлөрдү камсыздасын:
республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруунун жүрүшү
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө квартал сайын маалымат берүүнү;
"Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14 жана 15-статьялары менен белгилен-
ген сарптоолордун артыкчылыктуу багыттарын каржылоого жумшалчу катего-
риялык гранттарды, кирешелерди тењештирүү үчүн гранттарды максаттуу
пайдаланууну;
- мамлекеттик жана коммуналдык менчик болуп эсептелбеген чарбакер
субъекттердин балансында турган обьекттердин курулушун жана реконструк-
циясын каржылоого тыюу салсын;
- республикалык бюджетте эмгек акыга, Кыргыз Республикасынын Соци-
алдык фондуна, медикаменттерге, тамактанууга, пособиелерге, стипендия-
ларга, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которууларга, ошон-
дой эле мамлекеттик карыздык милдеттенмелер жана баалуу кагаздар боюнча
каралган сарптоолордун өз убагында жана толук каржыланышын камсыздоочу
чараларды көрсүн.
12. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- коомдук уюмдарды жана чыгармачыл союздарды, өз алдынча коллек-
тивдерди (элдик, музыкалык, драмалык жана башка театрларды) каржылоо
өздүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылат;
- сот органдарынын чечимдерине жараша жеке адамдардын аткаруу ба-
ракчалары боюнча төлөөлөр тийиштүү министрликтердин жана ведомстволор-
дун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууга тийиш;
- сот органдарынын чечимдерине жараша аткаруу баракчалары боюнча
төлөөлөр республикалык бюджеттин каражатынан кезектүүлүк тартибинде
жүргүзүлүүгө тийиш;
- өтүп жаткан жылда кабыл алынган мыйзамдык жана нормативдик акты-
лар боюнча кошумча финансылык ресурсту талап кылган сарптоолор кийинки
жылдын бюджетинде каралат.
13. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигине караштуу Спиртти жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү,
сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттик 2007-жылы ликер-арак
ичимдиктерди 1800,0 мињ дал кем эмес көлөмдө чыгарууну камсыздасын.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана Кыр-
гыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
милдетин аткаруучу А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 28.04.2007 · № 46
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9