# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун иш-аракетин өркүндөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун иш-аракетин өркүндөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 538
- Кабыл алынган күнү: 09.11.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.11.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58699>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12457/edition/327868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58699.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун иш-аракетин өркүндөтүү жөнүндө" токтому (09.11.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58699

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 9-ноябры № 538

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык

резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин

алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер

фондунун иш-аракетин өркүндөтүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетте-

ринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка

органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды

түзүү маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

6-июнундагы № 211 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин ал-

дындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары - Мамматре-

зервдер фонду) жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин масе-

лелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февра-

лындагы № 129 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча

мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-

тоолор киргизилсин:

- 4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

- Жобонун бүткүл тексти боюнча:

ар кандай жөндөмөлөрдөгү "ведомстволук структуралык подразделение-

лер жана аймактык органдар" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "ведомс-

тволук жана аймактык подразделениелер менен уюмдар" деген сөздөргө ал-

маштырылсын;

ар кандай жөндөмөлөрдөгү "штаттык расписание" деген сөздөр тийиш-

түү жөндөмөлөрдө "штаттык сан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 7-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык баалу-

улуктарын башкаруу боюнча мамлекеттик саясат жүргүзүү.";

- 14-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Мамлекеттик агенттиктин жана анын аймактык подразделениелеринин

иштерин жетектейт, ал эми Мамлекеттик агенттиктин карамагында иштөөчү

ведомстволук уюмдар менен мамлекеттик ишканаларга карата жалпы жетекчи-

ликти жүргүзөт;";

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- иштин ички тартибин белгилейт; Мамлекеттик агенттиктин борбор-

дук аппаратынын жана анын аймактык подразделениелеринин кызматкерлерин

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке кабыл алат жана бошо-

тот, ошондой эле аларга статс-катчы менен макулдашуу боюнча сыйлоо жана

тартип жазасын берүү чараларын колдонот;";

алтынчы абзацта "ведомстволук структуралык подразделениелер" деген

сөздөр "анын ведомстволук жана аймактык подразделениелери менен уюмда-

ры" деген сөздөргө алмаштырылсын;

сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорун кызматка

дайындоого жана кызматтан бошотууга Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-

нистрине сунуш киргизет; Мамлекеттик агенттиктин карамагында иштөөчү

мамлекеттик ишкананын директорун кызматка дайындоого жана кызматтан бо-

шотууга белгиленген тартипте талапкерлерди көрсөтөт; алар менен эмгек

келишимин түзөт;";

- 18-пунктта "органдар" деген сөз "подразделениелер" деген сөзгө

алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик бир ай-

лык мөөнөттө:

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- анын карамагында иштөөчү мамлекеттик ишкананын Уставын Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

Мамматрезервдер фондунун функцияларын кайталоочу функцияларды анын

Жобосунан алып салууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом

долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин

милдетин аткаруучу А.Атамбаев
