Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2005-2006-жылдар мезгилине жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө» Токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 9-ноябры № 537
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2005-2006-жылдар мезгилине жаштар үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө
"Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы №
514 токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-
том кылат:
1. 2005-2006-жылдар мезгилине жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын тиркелген протоколу беки-
тилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 9-ноябрындагы
№ 537 токтому менен
бекитилген
2005-2006-жылдар мезгилине жаштар үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын
ыйгаруу боюнча комиссиянын кењешмесинин
№ 3 протоколу
Өткөрүүнүн датасы: 2007-жылдын 1-ноябры
Өткөрүүнүн убакыты: 15.00 саат
Өткөрүүнүн орду: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене
тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамле-
кеттик агенттиктин заседаниелер залы
Катышты: Нур уулу Досбол, С.Раев, Б.Асанов, А.Жоробеков, А.Боро-
нов, А.Жапаров, А.Алдашев, А.Касенов, А.Сатаров, М.Сулайманкулов, К.Ос-
монов, Э.Халмурзаева, Н.Эсенкулов, А.Идрисов, Ю.Шыгаев, Б.Кутманов
Катышкан жок: К.Өмүркулов, А.Марипов, Т.Кењешов
Күн тартиби:
I. 2005-2006-жылдар мезгилине жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө
II. Ар түрдүү
_____________________________________________________________
(Нур уулу Досбол, С.Раев, Б.Асанов, А.Жоробеков,
А.Боронов, А.Жапаров, А.Алдашев, А.Касенов,
А.Сатаров, М.Сулайманкулов, К.Осмонов,
Э.Халмурзаева...)
Маалыматтарды угуп жана пикирлерди алмашып, жаштар үчүн Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия төмөнкүлөрдү
чечти:
1. Тизмеге жашыруун добуш берүү үчүн үчүнчү (жыйынтык) турга өткөн
бардык талапкерлерди киргизүүнү.
2. Курамы үч адамдан турган эсептөө комиссиясын шайлоону: Эсептөө
комиссиясынын төрагасы К.А.Осмонов, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү
А.Ж.Жоробеков, Э.Б.Халмурзаева.
3. Эсептөө комиссиясынын N 1 протоколун бекитүү (тиркелет).
4. Добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясынын № 2
протоколун бекитүү (тиркелет).
5. Номинациялар боюнча төмөнкүдөй талапкерлерди жаштар үчүн Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын ыйгаруу:
№ 1 номинация. "Салтка айланган, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбө-
гөн баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, гуманизм принциптерин бе-
кемдөөгө, демократияга жана жаш муундарды рухий-физикалык тарбиялоого
кошкон өзгөчө салымы үчүн":
1. Өмүракунов Мухтарбек Сүйүналиевичке - "Замандаш" коомдун фонду-
нун президенти, адептүүлүктү, улуттук маданиятты, спортту дањазалоого,
чет өлкөлүк мекендештерди колдоого өзгөчө салымы, жаш муундарды тарбия-
лоо ишинде активдүү практикалык ишмердиги жана коомдук иши үчүн.
2. Апыев Талантбек Мамытовичке - С.Ибраимов атындагы Ош улуттук
драма театрынын башкы режиссеру, жаштарды адептик-эстетикалык тарбиялоо
боюнча зор салымы жана театралдык искусствону өнүктүрүүдөгү сињирген
эмгеги үчүн.
№ 2 номинация. "Адабияттын жана журналистиканын эњ мыкты чыгарма-
лары үчүн":
Татыктуу талапкерлер жок.
№ 3 номинация. "Музыкалык искусствонун эњ мыкты чыгармалары жана
аткаруучулук чеберчилиги үчүн":
Сыдыков Азаматка - пианист-аткаруучу, сольный концерти үчүн, атка-
руучулук өзгөчө виртуалдуулугу, жогорку профессионалдуулугу, аткаруу
чеберчилиги, чет өлкөлөрдө Кыргызстанды татыктуу көрсөткөндүгү үчүн.
№ 4 номинация: "Көркөм өнөр искусствосунун эњ мыкты чыгармалары
үчүн (живопись, скульптура, декорациялык-прикладдык жана монументалдык
искусство):
Татыктуу талапкерлер жок.
№ 5 номинация. "Шаар курулуш, архитектура жана дизайн тармагындагы
ишке ашырылган эњ мыкты долбоорлор үчүн": Берилген документтер жок.
№ 6 номинация. "Театралдык, цирк искусствосунун эњ мыкты чыгарма-
лары жана актердук чеберчилиги үчүн":
Иманалиев Кайрат Олжобаевичке - драматург, "Казына" адабий-драма
редакциясынын башкы редактору, "Актриса" спектакли үчүн.
№ 7 номинация. "Кино жана ТВ жагындагы эњ мыкты жетишкендиги үчүн"
(сценариялык, композитордук, режиссердук, оператордук жана актердук иш-
тер):
Чотонова Гүлсина Баймырзаевнага - актриса, УТРКнын режиссеру, "Ме-
тамарфоза" ролун аткаргандыгы, кино жана теле көрсөтүү жагындагы
жањычылдыгы, клиптерди түзгөндүгү, "Арноо концертин" берүүсү үчүн.
№ 8 номинация. "Илим жана жањы технологиялар жагындагы эњ мыкты
иштер үчүн":
Кенетов Бекболот Эменовичке - физика-математика илимдеринин канди-
даты, доцент, топология жана бирдей топология тармагындагы илимий иш-
тердин цикли үчүн.
№ 9 номинация. "Экономика, бизнес жана меценаттык жагындагы эњ
мыкты жетишкендиги үчүн":
Татыктуу талапкерлер жок.
№ 10 номинация. "Спорт жагындагы эњ мыкты жетишкендиги үчүн":
Бегалиев Канатбек Кубанычбековичке - эл аралык класстагы спорт че-
бери, өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону, студенттер арасында Дүйнө чем-
пионунун коло байгесинин ээси (Монголия, Улан-Батор ш.), чоњдор арасын-
дагы Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (Кытай, Гуанжу ш.).
№ 11 номинация. "Лидердик позицияны ээлеген жана жаштар саясатын
ишке ашырууда коомдук-маанилүү демилгелерди өнүктүрүүгө өзгөчө салым
кошкон жаш жарандарга":
Асангариев Мирбек Рысбековичке - "Жаш майыптар кыймылы" коомдук
бирикмесинин төрагасы, жаштар саясатын өнүктүрүүдөгү коомдук ишмердүү-
лүгү үчүн.
6. "Төмөнкүдөй талапкерлерге номинациялар боюнча "Жаштар үчүн Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгынын дипломанты" наамын ыйгаруу:
№ 2 номинация. "Адабияттын жана журналистиканын эњ мыкты чыгарма-
лары үчүн":
1. Молдокматова Ассоль Абдыкалыевнага - теле алпаруучу, УТРКнын
продюсери, "Ассоль Молдокматова көрсөтөт" берүүсү үчүн.
2. Кимсанов Куштарбек Кимсановичке - "Сүйүүгө таазим", "Атаэнени
кадырлайлы каректей", "Сыйкырдуу шакек" ж.б. китептердин автору.
3. Ажыматов Зайырбек Самагановичке - журналист, "Мелмил" китеби
үчүн.
№ 3 номинация. "Музыкалык искусствонун эњ мыкты чыгармалары жана
аткаруучулук чеберчилиги үчүн":
1. "Кыз-Бурак" тобуна - аткаруучулук чеберчилиги үчүн.
2. Скрипачтардын "Даткайым" ансамблине - кыргыз элинин рухий дөө-
лөттөрүн сактоо жана жаштар арасында дүйнөлүк классикалык искусствону
кењири пропагандалоо боюнча активдүү ишмердүүлүгү үчүн.
№ 4 номинация. "Көркөм өнөр искусствосунун эњ мыкты чыгармалары
үчүн" (живопись, скульптура, декорациялык-прикладдык жана монументалдык
искусство):
Сабыров Мирлан Жолдошбековичке - сүрөтчү, "Ак кеме", "Чыњгыз Айт-
матовдун портрети", "Сулуу менен желмогуз" картиналарынын сериясы үчүн.
№ 5 номинация. "Шаар курулуш, архитектура жана дизайн жагындагы
ишке ашырган эњ мыкты долбоорлор үчүн": Берилген документтер жок.
№ 6 номинация. "Театралдык, цирк искусствосунун эњ мыкты чыгарма-
лары жана актердук чеберчилиги үчүн":
Жунусов Илгус Үсөновичке - сахна театрынын актеру, "Керээз" жана
"Курманбек" спектаклдериндеги ролу үчүн.
№ 7 номинация. "Кино жана ТВ жагындагы эњ мыкты жетишкендиги үчүн"
(сценариялык, композитордук, режиссердук, оператордук жана актердук иш-
тер):
Шайырбек Абдрахман уулуна - УТРКнын "Жаштар" студиясынын башкы ре-
дактору, "Чечен айтыш", "Ыр майрам", "Жоруктар", "Ыр майдан", "Добуш"
автордук программалары үчүн.
№ 8 номинация. "Илим жана жањы технологиялар жагындагы эњ мыкты
иштер үчүн:
Жакебаева Чолпон Карыпбековнага - кошумча киргизилсин - И.Арабаев
атындагы КМУнун аспиранты, "Кыргызстандын тарыхы боюнча жумушчу депте-
ри" үчүн.
№ 9 номинация. "Экономика, бизнес жана меценаттык жагындагы эњ
мыкты жетишкендиги үчүн:
1. Касымбек уулу Кубанычбекке - "Айыл банк" ААКынын МБнын Ноокен
филиалынын башкаруучусу, кредит берүү чөйрөсүндөгү натыйжалуу ишмердиги
үчүн.
2. Кумашев Кенжегул Чыныбековичке - ишкер, практикалык ишмердиги
жана айыл чарбасында автордук техникалык ойлоп табууларды колдонгондугу
үчүн.
№ 11 номинация. "Лидерлик позицияны ээлеген жана жаштар саясатын
ишке ашырууда коомдук-маанилүү демилгелерди өнүктүрүүгө өзгөчө салым
кошкон жаш жарандарга:
1. Нуржанов Бакытбек Качкынбаевичке - "Медиамост" коомдук фондунун
аткаруучу директору, "Академическая честность", "Общинное радио в Тала-
се", "Свобода от дыма" деген ишке ашырылган долбоорлору үчүн.
2. Турсунбай уулу Бахтиярга - "Жаш жарандарды өнүктүрүү" коомдук
фондунун аткаруучу директору.
II. Экинчи маселени карап чыгып комиссия төмөнкүдөй чечти:
1. Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын салтанат-
туу аземде тапшырууну Кыргызстандын жаштар күнүн майрамдаган 2007-жыл-
дын 10-ноябрында өткөрүүнү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2000 · № 514
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.