# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-ноябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-ноябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 532
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.11.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58692>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12452/edition/1142062/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58692.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-ноябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому (05.11.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58692

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 5-ноябры № 532

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын

23-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө"

Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы №

465 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөн

мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, шайлоо комиссиялары-

на көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-

лат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтү-

нөн мурда шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык

маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тирке-

меге ылайык курамда Республикалык штаб түзүлсүн.

2. Облустардын, райондордун мамлекеттик администрация башчылары

жана шаарлардын мэрлери:

- уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо

комиссияларына көмөк көрсөтүү үчүн облустук, райондук жана шаардык

штабдарды түзүшсүн;

- шайлоо комиссияларын тийиштүү жайлар, байланыш каражаты, транс-

порт, электр энергиясы менен камсыз кылышсын;

- шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана ре-

ферендумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын календардык планы-

на ылайык шайлоочулардын такталган тизмелерин өз убагында беришсин;

- жарандардын сын пикирлерин, арыздарын, өтүнүчтөрүн жана шайлоо

комиссияларынан түшкөн сунуштарды өз убагында кароону уюштурушсун.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-

министрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо

комиссияларына шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерине ар та-

раптан жардам көрсөтүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясына, Кыргыз

Республикасынын "ЭлТР - коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компания-

сына, "Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу" жана "Эркинтоо" газеталарынын

редакцияларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын

мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн ча-

гылдыруу сунуш кылынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги шайлоону даярдоо-

нун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жа-

на эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоону өткөрүү

убагында шайлоо участокторун кайтаруу жана шайлоо участокторуна шайлоо

бюллетендерин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоо боюнча чара-

ларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кийин "Кыргыз Рес-

публикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизүү

менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөн

мурда шайлоону өткөрүүгө зарыл финансы каражаттарын республикалык бюд-

жеттен Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясына өз убагында бөлүүнү камсыздасын.

7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети менен

бирдикте:

- республиканын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жа-

рандарынын тизмелерин тактоо боюнча зарыл иштерди жүргүзсүн;

- республиканын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын шай-

лоочуларынын такталган тизмесин Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана

референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берсин;

- республиканын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын шай-

лоочуларына шайлоого катышуу үчүн зарыл шарттарды түзсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлоо

участокторуна бөлүнгөн бардык жайларды өрт коопсуздугуна карата текше-

рүү жүргүзсүн.

9. Шайлоо өткөн күнгө карата төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна - телерадио берүүнүн

үзгүлтүксүз ишин камсыздоо;

- "Чыгыш электр", "Түндүк электр", "Ош электр" жана "Жалалабат

электр" ачык акционердик коомдоруна - электр энергиясын үзгүлтүксүз бе-

рүүнү камсыздоо.

10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын шайлоону

уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча чаралар жө-

нүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы №

932 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрын-

дагы "Кыргыз Республикасында референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткө-

рүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн 2007-жылдын 3-октябрындагы № 446 токтому.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин - министрдин милдетин аткаруучуга жүк-

төлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткаруучу А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 5-ноябрындагы

№ 532 токтомуна

тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын

мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө

уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына

көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын

КУРАМЫ

Атамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин мил-

детин аткаруучу, штабдын төрагасы;

Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин

милдетин аткаруучу, штабдын төрагасынын орун

басары;

Исмаилов М.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетек-

чисинин - министрдин милдетин аткаруучу, штаб-

дын төрагасынын орун басары.

Штабдын мүчөлөрү:

Абдраимов Т.Д. - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо ми-

нистринин милдетин аткаруучу;

Жолдошев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист-

рациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик

башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу

боюнча);

Жунушалиев Т.Ш. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми-

нистринин милдетин аткаруучу;

Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин мил-

детин аткаруучу;

Карабаев Э.Ө. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин

милдетин аткаруучу;

Ногойбаев Б.Б. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин

милдетин аткаруучу;

Осмоналиев К.О. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим

министринин милдетин аткаруучу;

Рыскулова А.М. - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке ор-

ноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрага-

сынын милдетин аткаруучу;

Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни-

кациялар министринин милдетин аткаруучу;

Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук ко-

опсуздук комитетинин төрагасынын милдетин атка-

руучу;

Чудинов И.В. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жа-

на отун ресурстары министринин милдетин аткару-

учу;

Мукамбетов М.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык

өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн

башчысы;

Султанбеков А.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык

өнүктүрүү бөлүмүнүн инспектору, штабдын катчы-

сы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат

жетекчисинин - министрдин милдетин аткаруучу М.Исмаилов
