# КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-ноябрындагы №531 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы №87 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" жөнүндө токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-ноябрындагы №531 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы №87 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" жөнүндө токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 531
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58691>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12451/edition/439652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58691.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-ноябрындагы №531 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы №87 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" жөнүндө токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (24.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58691

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 2-ноябры №531

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

28-мартындагы №87 "Кыргыз Республикасынын

Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик

комитетинин маселелери" жөнүндө токтомуна

толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын дараметин жогорулатуу жана

ыкчам башкарууну күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-

том кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 87

"Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик коми-

тетинин маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамле-

кеттик комитеттин төрагасына Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жый-

ымдар боюнча мамлекеттик комитетинин борбордук аппаратынын жана ведомс-

тволук органдарынын түзүмдөрүнө жана штаттык санына өзгөртүү киргизүү-

гө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чекте кызмат-

керлердин санын кайрадан бөлүштүрүүгө укук берилсин.".

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев
