# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521" Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521" Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 521
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58681>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12441/edition/983396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58681.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521" Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" (29.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58681

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 29-октябры N 521 Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө Адамдардын өлүмүнө жана жаракат алышына, транспорт каражаттарынын бузулушуна алып келген кылмыш жасаган жерден айдоочулар качып кеткен жол-транспорт кырсыктарын оперативдүү ачуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле автомобилдерди техникалык тейлөө станцияларынын жана жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоо боюнча жеке ишкердик жүргүзгөн адамдардын иштерин тартипке келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун тиркелген эрежеси бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн ңормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев
