Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берген өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-октябры № 516
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жењилдетилген пенсиялык камсыздоого укук
берген өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин,
кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин
бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1996-жылдын 1-июлундагы № 298 токтомуна
өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
ВИЧ инфекциясын жуктурган жана СПИД менен ооруган адамдарга меди-
циналык жана башка жардамдарды көрсөтүү менен түздөн-түз иштеген кыз-
маткерлерди социалдык жактан колдоо максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. "Жењилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берген өндүрүштөрдүн,
иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмеле-
рин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-ию-
лундагы № 298 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизил-
син:
- жер астындагы жумуштарда, эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыян-
дуу жумуштарда иштегендиги үчүн жењилдетилген шартта курагы (карылыгы)
боюнча пенсия алууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптер-
дин, кызмат орундары менен көрсөткүчтөрдүн № 1 тизмесиндеги "Саламаттык
сактоо мекемелери" деген XIX бөлүмү:
биринчи абзацтагы "Кызматкерлер" деген сөз "1. Кызматкерлер" деген
санга жана цифрага алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
"2. ВИЧ инфекциясын жуктурган же СПИД менен ооруган адамдарга ме-
дициналык жана башка жардамдарды көрсөтүү, ВИЧ-инфекциясын лаборатория-
лык диагностикалоо, инфекция жуккан материалдарды пайдалануу менен или-
мий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле СПИДди дарылоо жана алдын алуу
менен жыл ичинде (эсепке алуу мөөнөтүндө) жумуш күнүн толук иштешкен
саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине:
а) СПИДдин алдын алуу жана күрөшүү боюнча мекемелер, анын ичинде
СПИДди диагностикалоочу бөлүмдөр жана лабораториялар.
Медициналык персоналдын, жетекчилердин, адистердин, кызматчылардын
жана жумушчу кесибиндегилердин кызмат орундары;
б) СПИД менен ооругандарды жана ВИЧ инфекциясын жуктургандарды да-
рылоо үчүн арналган мекемелер жана саламаттык сактоо мекемелеринин
атайын бөлүмдөрү.
Медициналык персоналдардын, жетекчилердин, адистердин, кызматчы-
лардын жана жумушчу кесибиндегилердин кызмат орундары;
в) саламаттык сактоо органдары тарабынан СПИД менен ооругандардан
жана ВИЧ-инфекциясын жуктургандардан алынган канды, материалдарды жана
биологиялык суюктуктарды изилдөө жүктөлгөн саламаттык сактоонун лабора-
ториялары жана мекемелеринин тобу.
Медициналык персоналдардын, жетекчилердин, адистердин, кызматчы-
лардын жана жумушчу кесибиндегилердин кызмат орундары;
г) илимий-изилдөө мекемелери жана алардын түзүмдүк подразделение-
лери.
Илимий персоналдын (жетекчилер, анын ичинде подразделениелердин
жетекчилери, башкы, жетектөөчү, улук, кенже илимий кызматкерлер, или-
мий-техникалык персоналдардын (башкы лаборанттар, лаборанттар) ээлеген
кызматы, препараторлор, адистер, кызматчылар жана жумушчу кесибиндеги-
лер, анын ичинде жаныбарларды баккан жумушчулар) ээлеген кызматы.
Эскертүү:
ВИЧ инфекциясын жуктурган же СПИД менен ооруган адамдарга медици-
налык жана башка жардамдарды көрсөтүү, ВИЧ-инфекциясын лабораториялык
диагностикалоо, инфекция жуккан материалдарды пайдалануу менен илимий
изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле СПИДди дарылоо жана алдын алуу менен
жыл ичинде (эсепке алуу мөөнөтүндө) жумуш убактысынын жарымынан азыраа-
гын туруктуу иштешкен "б", "в" жана "г" пункттарда аталган кызматкер-
лерге N 2 тизме боюнча пенсия дайындалат.";
- эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштарда иштегендиги
үчүн жењилдетилген шартта курагы (карылыгы) боюнча пенсия алууга укук
берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундары менен
көрсөткүчтөрдүн N 2 тизмесиндеги "Саламаттык сактоо жана социалдык кам-
сыздоо мекемелери" деген XXIV бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен
толукталсын:
"ВИЧ инфекциясын жуктурган же СПИД менен ооруган адамдарга медици-
налык жана башка жардамдарды көрсөтүү, ВИЧ-инфекциясын лабораториялык
диагностикалоо, инфекция жуккан материалдарды пайдалануу менен илимий
изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле СПИДди дарылоо жана алдын алуу менен
жыл ичинде (эсепке алуу мөөнөтүндө) жумуш күнүнүн жарымынан азыраагын
иштешкен саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине:
а) СПИД менен ооругандарды жана ВИЧ инфекциясын жуктургандарды да-
рылоо үчүн арналган мекемелер жана саламаттык сактоо мекемелеринин
атайын бөлүмдөрү.
Медициналык персоналдардын, жетекчилердин, адистердин, кызматчы-
лардын жана жумушчу кесибиндегилердин кызмат орундары;
б) саламаттык сактоо органдары тарабынан СПИД менен ооруган жана
ВИЧ-инфекциясын жуктургандардан алынган канды, материалдарды жана био-
логиялык суюктуктарды изилдөө жүктөлгөн саламаттык сактоонун лаборато-
риялары жана мекемелеринин тобу.
Медициналык персоналдардын, жетекчилердин, адистердин, кызматчы-
лардын жана жумушчу кесибиндегилердин кызмат орундары;
в) илимий-изилдөө мекемелери жана алардын түзүмдүк подразделение-
лер.
Илимий персоналдын (жетекчилер, анын ичинде подразделениелердин
жетекчилери, башкы, жетектөөчү, улук, кенже илимий кызматкерлер, или-
мий-техникалык персоналдардын (башкы лаборанттар, лаборанттар) ээлеген
кызматы, препараторлор, адистер, кызматчылар жана жумушчу кесибиндеги-
лер, анын ичинде жаныбарларды баккан жумушчулар) ээлеген кызматы.".
2. Бул токтом менен бекитилген N 1 жана N 2 тизмелерге ылайык са-
ламаттык сактоо кызматкерлерине жењилдетилген пенсия дайындоо жана тө-
лөө сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна - жер астындагы жумуш-
тарда, эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштарда иштегендиги
үчүн жењилдетилген шартта курагы (карылыгы) боюнча пенсия алууга укук
берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундары менен
көрсөткүчтөрдүн N 1 тизмеси боюнча;
- иш берүүчүлөргө - жењилдетилген шарттарда жашы жеткендиги боюнча
(карылыгы боюнча) пенсияга укук берген өндүрүштөрдүн, иштердин, кесип-
тердин, кызмат орундары менен көрсөткүчтөрдүн N 2 тизмеси боюнча.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.