Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасындагы эпизоотиялык кырдаал жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-октябры № 515
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасындагы эпизоотиялык кырдаал жөнүндө
Республикада 87 мамлекеттик ветеринария мекемеси иштейт, аларда
иштеген адистердин жалпы саны 720 адам, 602 приваттык ветеринардык тү-
зүмдөр бар, аларда 964 адис иштейт.
2007-жылдын 8 айында 24,3 млн. баш малды ветеринардык текшерүү бо-
юнча иш-чаралар, анын ичинде диагностикалык изилдөөлөр (лабораториялык-
тан тышкары) - 3,7 млн., алдын алуу эмдөөлөрү - 12,2 млн., дегельминта-
циялар жана башка дарылоо-алдын алуу иштери - 8,4 млн. малга жүргүзүл-
гөн. 1332,8 мињ кв.м. мал багылуучу жайлар жана жерлер дезинфекциялан-
ган.
Көрүлгөн чараларга карабастан эпизоотиялык кырдаал өтө татаал бой-
дон калууда. Бул эпизоотиялык абалга контролдуктун кыйла начарлашынан,
жугуу очокторунун пайда болушу жана айыл чарба малынын өзгөчө коркунуч-
туу аныкталган ылањдарын жоюу боюнча чараларды көрүү жөнүндө тийиштүү
түзүмдөргө өз убагында кабар бербөөнүн натыйжасынан улам болгон.
Күйдүргүгө (сибирь жарасына) каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар тий-
иштүү дењгээлде жүргүзүлбөй жатат. 2007-жылдын августунда Чүй облусунун
Сокулук районунда, Ош облусунун Каракулжа, Өзгөн райондорунда калк ара-
сында күйдүргүнүн пайда болушунун үч учуру катталып, анын ичинен бир
учуру өлүмгө алып келген.
Бул фактылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Республика-
лык өзгөчө эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиянын заседа-
ниесинде каралган. Жогоруда көрсөтүлгөн комиссиянын 2007-жылдын 13-ав-
густундагы токтому менен республикадагы эпизоотиялык кырдаалдын оорчу-
лугун Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республика-
сынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл,
суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан жењилдетүү
боюнча тиешелүү иш-чараларды аткаруу каралган.
Айыл чарба малынын арасында шарп ылањынын клиникалык белгилерин
каттоо учурлары болгон. Жылкы тумоосунун пайда болушуна шектенүүлөр
бар. Жаныбарлардын кутурмасы, койлордун бруцеллезу жана чечеги боюнча
эпизоотиялык абал татаалдашкан.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин буйру-
гу менен Кыргыз Республикасынын аймагына малдын жугуштуу ылањдарынын
жайылышын четтетүү боюнча чараларды ишке ашыруу функцияларын бузуу ме-
нен жана Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан союла турган
жылкылардын экспортуна жана транзитине карантиндик жана санитардык та-
лаптар жөнүндө макулдашуунун негизинде 2007-жылдын 11-августунда Кытай
Эл Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасы-
нын базарларында сатуу үчүн 159 жылкы алып келүүгө уруксат берилген.
Кытай Эл Республикасынын Келип-кетүү жана карантин инспекциясы тарабы-
нан берилген ветеринардык сертификат кытай жана англис тилдеринде тол-
турулган. Мамлекеттик жана расмий тилдерге лингвистикалык котормо бол-
гон эмес. Кыргыз Республикасында эпизоотиялык ылањ катары аныкталган
оорулардын пайда болуу предметине кытай тараптын малын текшерүүлөрдө
андай болбогондугу аныкталган.
Республикалык ветеринардык диагностика борборунун корутундусуна
ылайык кандын 41 сынамыгынан 4ү бруцеллезго оњ натыйжа берген.
12 баш жылкыны ташып келүү жана карантиндөө мезгилинде алар тийиш-
түү текшерүүсүз көмүлгөн.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан сою-
луучу жылкыларды экспорттоодо жана транзиттөөдө карантиндин жана сани-
тардык талаптар жөнүндө республиканын мамлекеттик башкы ветеринардык
инспекторунун атынан кол коюлган макулдашуу "Эл аралык келишимдер жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасынын
эл аралык ведомстволор аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун жана
токтотуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-августундагы № 474 токтомунун талаптары-
на ылайык келбейт. Бул учурда жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга кол ко-
юуга мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторго ыйгарым укук берүү жө-
нүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими болгон эмес.
Эпизоотиялык ылањдардын келип чыгышынын жана жайылышынын себепте-
ринин бири жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарынын уруксаты менен Кыргыз Республикасынын
жайыттарында коњшулаш мамлекеттердин тургундарына таандык малды жаюу,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу мал ай-
дап өтүүгө тийиштүү контролдуктун жоктугу саналат.
Жогоруда көрсөтүлгөн кырдаалдын келип чыгышынын кесепети Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрли-
гинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын уюштуруу иштеринин жетишсиздигинен болгон.
Малдын ылањын жана өзгөчө коркунучтуу ооруларынын жайылышын азай-
туу, эпизоотиялык кырдаалды турукташтыруу жана республиканын аймагында
тийиштүү ветеринардык контролду орнотуу максатында Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин эпизоотиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча иштери-
нин жетишсиз экендиги белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр-
дү киргизсин:
2007-жылдын 25-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына мамлекеттик жана менчик (приваттык) ветеринардык кызмат-
тардын иштерин өркүндөтүү жана чектөө, алдын алуучу ветеринардык иштер-
ди өз учурунда жүргүзбөөгө жол беришкен айыл чарба малдарынын ээлеринин
жоопкерчиликтерин жогорулатуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор-
ду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин түзүм-
дөрүн реформалоо боюнча сунуштарды;
өзгөчө коркунучтуу ылањдар менен ооруган, жок кылынууга тийиш бол-
гон айыл чарба малынын наркын анын ээлерине ордун толтуруп берүү боюнча
компенсациялык фондду түзүү жана аны иштетүү мүмкүнчүлүгүн кароо менен
эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө бөлүнгөн бюджеттик ассигнова-
ниелерди натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды;
- эпизоотиялык абалды контролдоону начарлатуу үчүн күнөөлүү адам-
дарга чараларды көрсүн;
- сатып алынуучу ветеринардык вакциналардын сапатын аныктоо үчүн
ветеринардык препараттарды контролдоо жана сертификациялоо боюнча жањы-
дан түзүлгөн лабораториялардын иштерин активдештирүү жагынан зарыл ча-
раларды көрсүн;
- ар бир райондо ветеринардык дарыканаларды түзүү жөнүндө маселени
иштеп чыксын;
- лабораториялык-диагностикалык борборлорду жабдуу жана модерниза-
циялоо боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2007 жана 2008-жыл-
дарда эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө эсептөөлөргө ылайык жа-
на алдын алуу иштерин жүргүзүүнүн календардык планында каралган мөөнөт-
төрдө эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө каралган финансы кара-
жаттарын өз учурунда бөлүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен
бирдикте 2008-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттүн ичинде Чегаралык-ве-
теринардык карантиндик кызматтын башкы башкармалыгын Кыргыз Республика-
сынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин карамагына
өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун карашсын жана аталган түзүмдүк бө-
лүмдүн ишмердигин жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны иштеп чыгыш-
сын.
5. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы чектеш мамлекеттер менен
Кыргыз Республикасынын жайыттарын пайдалануу жөнүндө тиешелүү макулда-
шуу түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркы-
луу Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттеринин жарандары тара-
бынан малдын айдалып өтүшүнө тыюу салсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Постановление Правительства КР от 11 февраля 2009 года №115 "Об одобрении Отчета Премьер-министра Кыргызской Республики о работе Правительства Кыргызской Республики за 2008 год"Постановление · 11.02.2009 · № 115 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Постановление Правительства КР от 10 августа 2000 года №474 "Об утверждении Положения о порядке заключения, исполнения и прекращения международных межведомственных договоров…Постановление · 10.08.2000 · № 474 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон