# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 514 "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 514 "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 514
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58674>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12435/edition/365263/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58674.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 514 "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Токтому (30.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58674

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №198 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-октябры № 514

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен

каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамынын 35-статьясына ылайык Кыргыз Республикасында түрткү бе-

рүүчү (үлүштүк) гранттарды бөлүштүрүү тартибин өркүндөтүү максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби

жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түрткү берүүчү

(үлүштүк) гранттардын аталган механизмин киргизүү боюнча түшүндүрүү иш-

терин жүргүзүүнү уюштурсун.

3. "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын механизмин киргизүү боюн-

ча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын

27-сентябрындагы № 614 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев
