# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 497 "2007-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Бардыгы үчүн билим берүү" программасын тездетип ишке ашыруу демилгесине көмөк көрсөтүүнүн трасттык фондунун гранты (ЕFА-FТI Грант № ТF 090141) жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 497 "2007-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Бардыгы үчүн билим берүү" программасын тездетип ишке ашыруу демилгесине көмөк көрсөтүүнүн трасттык фондунун гранты (ЕFА-FТI Грант № ТF 090141) жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 513
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58673>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12434/edition/327841/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58673.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 497 "2007-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Бардыгы үчүн билим берүү" программасын тездетип ишке ашыруу демилгесине көмөк көрсөтүүнүн трасттык фондунун гранты (ЕFА-FТI Грант № ТF 090141) жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому (23.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58673

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-октябры № 513

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"2007-жылдын 22-майында Бишкек шаарында

кол коюлган "Бардыгы үчүн билим берүү"

программасын тездетип ишке ашыруу демилгесине

көмөк көрсөтүүнүн трасттык фондунун гранты

(ЕFА-FТI Грант № ТF 090141) жөнүндө Кыргыз

Республикасы менен Дүйнөлүк банктын

ортосундагы Макулдашуу-Катты ратификациялоо

тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбоору жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-

гыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "2007-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Бардыгы

үчүн билим берүү" программасын тездетип ишке ашыруу демилгесине көмөк

көрсөтүүнүн трасттык фондунун гранты (ЕFА-FТI Грант № ТF 090141) жөнүн-

дө Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Макулда-

шуу-Катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-

њешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри көрсөтүл-

гөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2007-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол

коюлган "Бардыгы үчүн билим берүү" программасын

тездетип ишке ашыруу демилгесине көмөк

көрсөтүүнүн трасттык фондунун гранты

(ЕFА-FТI Грант № ТF 090141) жөнүндө

Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк

банктын ортосундагы Макулдашуу-Катты

ратификациялоо тууралуу

1-статья

2007-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Бардыгы үчүн

билим берүү" программасын тездетип ишке ашыруу демилгесине көмөк көрсө-

түүнүн трасттык фондунун гранты (ЕFА-FТI Грант N ТF 090141) жөнүндө

Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Макулдашуу-Кат

ратификациялансын.

2-статья

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыр-

гыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Дүйнөлүк банкка билдирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
