# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы №509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы №509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 509
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12430/edition/327837/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58669.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы №509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтому (23.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58669

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-октябры № 509

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана

кесепеттерин жоюу боюнча атайын

эсеп жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2007-жылдын 27-апрелинде-

ги № 1840-III токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседани-

есинин 2007-жылдын 28-апрелиндеги № 8 протоколуна ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча

атайын эсеп (мындан ары - Атайын эсеп) ачсын;

- Атайын эсепке республикалык бюджеттен 50 млн.сом өлчөмүндөгү ка-

ражатты которсун;

- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга респуб-

ликалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдасын.

2. Атайын эсеп жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Атайын эсептен каражат бөлүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

чечими боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-

нансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
