Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-октябры № 508
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) аталган мый-
зам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-статья
"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
("Эркинтоо" газетасы, 2004-жылдын 31-августу, № 75) төмөнкүдөй өзгөр-
түүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 12-статьяда:
- төртүнчү жана бешинчи абзацтар алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Администрациялык муниципалдык кызматты ээлеген муниципалдык кыз-
матчыларга класстык чендерди берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Пре-
зиденти бекиткен укуктук ченемдик актылар менен аныкталат.".
2. 28-статьяда:
- биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөр ме-
нен алмаштырылсын;
- үчүнчү бөлүк алып салынсын.
2-статья
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-сентябрындагы №510 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы N 142 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин…Постановление · 12.09.2008 · № 510 · Күчүн жоготкон