# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябры № 505 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдында жогорку окуу жайлар аралык аскер кафедрасын түзүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябры № 505 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдында жогорку окуу жайлар аралык аскер кафедрасын түзүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 505
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58665>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12426/edition/327832/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58665.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябры № 505 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдында жогорку окуу жайлар аралык аскер кафедрасын түзүү жөнүндө" Токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58665

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-октябры № 505

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдында

жогорку окуу жайлар аралык аскер

кафедрасын түзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 17-январындагы № 10 токтомунун

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди

даярдоо системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияда жана Кыргыз мамлекет-

тик дене тарбия жана спорт академиясында окуган студенттердин ичинен

запастагы офицерлерди даярдоо үчүн Кыргыз мамлекеттик юридикалык акаде-

миянын алдында жогорку окуу жайлар аралык аскер кафедрасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жогорку окуу жайлардын

студенттерин запастагы офицерлерди окутуу программасы боюнча аскердик

адистиктердин тизмесин белгилесин жана алардын санын аныктасын;

- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аскер

кафедрасынын балансындагы окуу курал-жарактарды, техниканы жана аскер-

дик-техникалык мүлктү Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдында

жогорку окуу жайлар аралык аскер кафедрасына өткөрүп берсин;

- Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдында жогорку окуу

жайлар аралык аскер кафедрасын зарыл болгон курал-жарактар, ок-дарылар,

аскердик техника, приборлор, аппаратуралар, аспаптар менен, ошондой эле

техникалык адабияттар жана башка окуу усулдары менен комплекттесин.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-январындагы № 10

токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- жогорку окуу жайлар аралык аскер кафедрасынын кызмат орундарынын

тизмесин бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-июлундагы № 519 токтому ме-

нен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студент-

терин запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик факультеттерде

жана кафедраларда аскердик даярдоо жөнүндө" Жобого ылайык убакыт берүү

менен окуу пландарында аскердик даярдыкты өтүү тартибин аныктасын;

- аскердик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн ассигнованиелерди,

ошондой эле анык аскердик кызматта турган офицердик курамга жана пра-

порщиктерге акчалай үлүштү, жогорку окуу жайлар аралык аскердик кафед-

ранын штаттык кызмат орундарына дайындалган жумушчуларга жана кызматчы-

ларга айлык акыны төлөп берүү үчүн каражаттарды бөлүп берсин;

- жогорку окуу жайлар аралык аскердик кафедраны түзүүгө жана кар-

моого чыгымдарды Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын каражаттары-

нын эсебинен жүргүзсүн.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-январындагы № 10

токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдында жогорку окуу

жайлар аралык аскер кафедрасында запастагы офицерлерди даярдоо програм-

масы боюнча студенттерди окутуу 2007-жылдын 1-сентябрынан башталсын.

5. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студен-

ттерин окутуу жогорку окуу жайдын бюджеттик жана атайын каражаттарынын

эсебинен жүргүзүлсүн.

6. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-январындагы №

10 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-январындагы №

10 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү менен кор-

гонуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
