# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборун түзүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборун түзүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 501
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12423/edition/498799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборун түзүү жөнүндө" Токтому (11.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58661

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 23-октябры № 501

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборун түзүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 114-февралындагы № 84 токтомуна ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 30-августундагы № 390 "Балдарды коргоо жана колдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, эне жа- на баланы коргоо жагында медициналык жардамдын натыйжалуулугун жана са- патын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы- лат:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук

педиатрия жана балдар хирургиясы борборунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын клиникалык төрөт бөлүмүнүн базасында, аларга бекитип берилген мамлекеттик мүлктү сактоо менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору түзүлсүн.

2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 114-февралындагы № 84 токтомуна ылайык

күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттүн ичинде ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу, финансы жана башка маселелерди чечиш- син.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-июнундагы № 467

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улут- тук педиатрия жана балдар хирургиясы борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри А. Атамбаев
