# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 500 "Ишкердик иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 500 "Ишкердик иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 500
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58660>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12422/edition/327826/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58660.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 500 "Ишкердик иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58660

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-октябры № 500

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Ишкердик иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн

лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260

токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы №

96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу чаралары туура-

луу" Жарлыгына ылайык, аманатчылардын жана мамлекеттик эмес пенсиялык

фонддордун алуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын мамлекеттик

коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. "Ишкердик иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токто-

муна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

Көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракеттеринин ай-

рым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 44-глава

менен толукталсын:

"44-глава

Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун

ишмердигин лицензиялоо өзгөчөлүктөрү

1. Лицензиялана турган түрдүн аталышы: мамлекеттик эмес пенсиялык

фонддордун ишмердиги.

2. Лицензиардын аталышы: Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту

көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы.

3. Лицензия башкы болуп саналбайт.

4. Берилген лицензия ажыратылбас болуп эсептелет.

5. Лицензияны колдонуу аймагы: Кыргыз Республикасынын аймагы.

6. Лицензиянын бланкында көрсөтүү үчүн зарыл болгон кошумча рекви-

зиттер: жок.

7. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишмердигине лицензиянын

колдонуу мөөнөтү чектелбейт.

8. Лицензия берүү үчүн акы төлөө тартиби: ушул Жобонун 9-главасына

ылайык.

9. Лицензия алуу үчүн керектүү кошумча документтер:

- уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн

көчүрмөлөрү;

- уставдык капиталды төлөгөнүн тастыктоочу документтер - тиешелүү

банктын справкасы;

фонддун жетекчисинин, анын орун басарынын, башкы бухгалтеринин фа-

милиясын, аты-жөнүн, паспорттук маалыматтарын, ар бир адамдын дарегин,

алардын ишенимдүүлүк талабына дал келүү маалыматтарын камтуу менен кыз-

матка дайындалгандыгы (шайлангандыгы) жөнүндө документ; башкы бухгалтер

үчүн - билим дењгээлин тастыктоочу жана мурдагы эмгек ишмердиги жөнүндө

маалымат;

- жогорку башкаруу органы бекиткен фонддун эрежеси (эки нускада) -

фонддун, аманатчынын жана пенсия алуучулардын өз ара мамилелерин, укук-

тарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктоочу документтер;

- фонддун пенсиялык схемасы;

- жеке адамдардын - аманатчылардын жана алуучулардын болжолдонгон

санын көрсөтүү менен фонддун ишмердигинин келечектеринин экономикалык

негиздемеси (бизнес-планы); максаттуу акчалай взностордун жана төлөм-

дөрдүн болжолдонгон көлөмдөрү (ишмердиктин алгачкы 2 жылына), эсептөө-

лөрдүн методикасын жана эсептөөлөрдө колдонуучу баштапкы маалыматтарды

тиркөө менен максаттуу акчалай взносторду төгүүнүн жана төлөмдөрдү жүр-

гүзүүнүн тартиби менен шарттарынын варианттарынын ар бири боюнча фонд

кабыл алуучу милдеттенмелерди тастыктоочу эсептөөлөр.

Көрсөтүлгөн бардык документтер көктөлүп, номер коюлуп, фонддун жо-

горку башкаруу органынын жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлүүгө жана

фонддун печаты менен бекемделүүгө тийиш.

10. Уюштуруу документтерине киргизилген өзгөрүүлөр жөнүндө фонд ал

өзгөрүүлөр катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республи-

касынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматына белги-

ленген тартипте билдирүүгө жана киргизилген өзгөрүүлөр менен документ-

тердин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

11. Кошумча лицензиялык талаптар:

- фонддун ишмердиги "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес

пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары-

на ылайык келүүгө тийиш;

- өздүк менчигинде же толук чарба жүргүзүүдө Фонддун ишмердигин

камсыздоочу негизги фонддордун (каражаттардын), жайлардын, офистик тех-

никалардын жана программалык-техникалык каражаттардын болушу жана анын

лицензиар, пенсиялык активдерди жана тийиштүү иштер үчүн башка субъект-

терди башкаруу боюнча компания менен өз ара аракети;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар.

12. Лицензиянын колдонулушун токтото туруунун кошумча негиздери

жана тартиби:

- пенсиялык активдерди түзүүгө жана колдонууга (жайгаштырууга) жа-

на инвестициялык кирешени бөлүштүрүүгө байланыштуу тартип бузуулар;

- аманатчылардын жана/же алуучулардын алдында милдеттенмелерди

фонддун бир нече ирет аткарбай коюшу;

- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясында тыюу салынган

иштерди жүргүзүү;

- лицензия берүү үчүн негиз болуп саналган документтерде туура

эмес же атайылап бурмаланган маалыматтарды фонддун беришинин фактысын

аныктоо, ошондой эле уюштуруу документтерине киргизилген өзгөрүүлөр

жөнүндө маалыматты мөөнөтүндө бербөө;

- фонд тарабынан лицензияны колдонуу шарттарын бузуу.

13. Лицензияны кайра алып коюунун кошумча негиздери жана тартиби:

- лицензияны колдонуу мөөнөтүн токтотуп койгон себептерди чет-

тетпөө;

- фонд тарабынан пенсияларды төлөө боюнча милдеттенмелерди негиз-

сиз аткарбай коюу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштерди

жүргүзүү;

- фонддун жоюлуп кетиши.

14. Чечимдерди кабыл алууда:

- лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө - фонд ишке

ашыруу үчүн лицензия берилген иш-аракеттерге байланыштуу мурда түзүлгөн

келишимдер боюнча өзүнүн милдеттенмелерин келишим боюнча милдеттенме-

лерди толук ишке ашырганга чейин аткарат;

- аны кайра алып коюу жөнүндө - фонд лицензияны кайра алып койгон

учурга чейин түзүлгөн пенсиялык активдердин чектеринде аманатчылар-

дын/алуучулардын алдында пенсияларды төлөө боюнча өз милдеттенмелерин

аткарат.".

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министри А.Атамбаев
