Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 декабря 2023 года № 678 "О вопросах лицензирования отдельных видов деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-14.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-октябры № 500
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Ишкердик иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн
лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260
токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы №
96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу чаралары туура-
луу" Жарлыгына ылайык, аманатчылардын жана мамлекеттик эмес пенсиялык
фонддордун алуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын мамлекеттик
коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. "Ишкердик иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токто-
муна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракеттеринин ай-
рым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 44-глава
менен толукталсын:
"44-глава
Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун
ишмердигин лицензиялоо өзгөчөлүктөрү
1. Лицензиялана турган түрдүн аталышы: мамлекеттик эмес пенсиялык
фонддордун ишмердиги.
2. Лицензиардын аталышы: Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту
көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы.
3. Лицензия башкы болуп саналбайт.
4. Берилген лицензия ажыратылбас болуп эсептелет.
5. Лицензияны колдонуу аймагы: Кыргыз Республикасынын аймагы.
6. Лицензиянын бланкында көрсөтүү үчүн зарыл болгон кошумча рекви-
зиттер: жок.
7. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишмердигине лицензиянын
колдонуу мөөнөтү чектелбейт.
8. Лицензия берүү үчүн акы төлөө тартиби: ушул Жобонун 9-главасына
ылайык.
9. Лицензия алуу үчүн керектүү кошумча документтер:
- уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн
көчүрмөлөрү;
- уставдык капиталды төлөгөнүн тастыктоочу документтер - тиешелүү
банктын справкасы;
фонддун жетекчисинин, анын орун басарынын, башкы бухгалтеринин фа-
милиясын, аты-жөнүн, паспорттук маалыматтарын, ар бир адамдын дарегин,
алардын ишенимдүүлүк талабына дал келүү маалыматтарын камтуу менен кыз-
матка дайындалгандыгы (шайлангандыгы) жөнүндө документ; башкы бухгалтер
үчүн - билим дењгээлин тастыктоочу жана мурдагы эмгек ишмердиги жөнүндө
маалымат;
- жогорку башкаруу органы бекиткен фонддун эрежеси (эки нускада) -
фонддун, аманатчынын жана пенсия алуучулардын өз ара мамилелерин, укук-
тарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктоочу документтер;
- фонддун пенсиялык схемасы;
- жеке адамдардын - аманатчылардын жана алуучулардын болжолдонгон
санын көрсөтүү менен фонддун ишмердигинин келечектеринин экономикалык
негиздемеси (бизнес-планы); максаттуу акчалай взностордун жана төлөм-
дөрдүн болжолдонгон көлөмдөрү (ишмердиктин алгачкы 2 жылына), эсептөө-
лөрдүн методикасын жана эсептөөлөрдө колдонуучу баштапкы маалыматтарды
тиркөө менен максаттуу акчалай взносторду төгүүнүн жана төлөмдөрдү жүр-
гүзүүнүн тартиби менен шарттарынын варианттарынын ар бири боюнча фонд
кабыл алуучу милдеттенмелерди тастыктоочу эсептөөлөр.
Көрсөтүлгөн бардык документтер көктөлүп, номер коюлуп, фонддун жо-
горку башкаруу органынын жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлүүгө жана
фонддун печаты менен бекемделүүгө тийиш.
10. Уюштуруу документтерине киргизилген өзгөрүүлөр жөнүндө фонд ал
өзгөрүүлөр катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республи-
касынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматына белги-
ленген тартипте билдирүүгө жана киргизилген өзгөрүүлөр менен документ-
тердин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
11. Кошумча лицензиялык талаптар:
- фонддун ишмердиги "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес
пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары-
на ылайык келүүгө тийиш;
- өздүк менчигинде же толук чарба жүргүзүүдө Фонддун ишмердигин
камсыздоочу негизги фонддордун (каражаттардын), жайлардын, офистик тех-
никалардын жана программалык-техникалык каражаттардын болушу жана анын
лицензиар, пенсиялык активдерди жана тийиштүү иштер үчүн башка субъект-
терди башкаруу боюнча компания менен өз ара аракети;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар.
12. Лицензиянын колдонулушун токтото туруунун кошумча негиздери
жана тартиби:
- пенсиялык активдерди түзүүгө жана колдонууга (жайгаштырууга) жа-
на инвестициялык кирешени бөлүштүрүүгө байланыштуу тартип бузуулар;
- аманатчылардын жана/же алуучулардын алдында милдеттенмелерди
фонддун бир нече ирет аткарбай коюшу;
- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясында тыюу салынган
иштерди жүргүзүү;
- лицензия берүү үчүн негиз болуп саналган документтерде туура
эмес же атайылап бурмаланган маалыматтарды фонддун беришинин фактысын
аныктоо, ошондой эле уюштуруу документтерине киргизилген өзгөрүүлөр
жөнүндө маалыматты мөөнөтүндө бербөө;
- фонд тарабынан лицензияны колдонуу шарттарын бузуу.
13. Лицензияны кайра алып коюунун кошумча негиздери жана тартиби:
- лицензияны колдонуу мөөнөтүн токтотуп койгон себептерди чет-
тетпөө;
- фонд тарабынан пенсияларды төлөө боюнча милдеттенмелерди негиз-
сиз аткарбай коюу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштерди
жүргүзүү;
- фонддун жоюлуп кетиши.
14. Чечимдерди кабыл алууда:
- лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө - фонд ишке
ашыруу үчүн лицензия берилген иш-аракеттерге байланыштуу мурда түзүлгөн
келишимдер боюнча өзүнүн милдеттенмелерин келишим боюнча милдеттенме-
лерди толук ишке ашырганга чейин аткарат;
- аны кайра алып коюу жөнүндө - фонд лицензияны кайра алып койгон
учурга чейин түзүлгөн пенсиялык активдердин чектеринде аманатчылар-
дын/алуучулардын алдында пенсияларды төлөө боюнча өз милдеттенмелерин
аткарат.".
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Положение о лицензировании отдельных видов предпринимательской деятельности (Утверждено Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 31 мая 2001 года №260)Положение · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 96 «Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн түзүмү жөнүндј» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу…Указ · 16.03.2007 · № 96 · Күчүн жоготкон