Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2007-жылы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүүнүн жүрүшү жана буудай өндүрүү көлөмдөрүн көбөйтүү боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-10-23.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-октябры № 499
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2007-жылы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү
жүргүзүүнүн жүрүшү жана буудай өндүрүү көлөмдөрүн
көбөйтүү боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында 2007-жылдын
жай айында республиканын калкын нан жана нан азыктары менен камсыздоодо
оор абал түзүлгөндүгүн белгилейт. Бул буудай себүү аянттарынын кыйла
кыскарышынан, өндүрүш көлөмдөрүнүн төмөндөшүнөн жана азык-түлүк буудай-
га баанын кескин кымбаттап кетишинен улам болду.
Маселелерди чечүү жана коомдогу оорчулуктарды жењилдетүү үчүн Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү бир катар чараларды көрдү. Өстүрүлгөн түшүм-
дү жыйнап алууну уюшкандыкта жүргүзүү, кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күз-
дүк себүүнү өз убагында өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмө-
тү 2007-жылдын 21-июнунда № 241 "Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
түшүмүн жыйноону өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүү жана 2007-жылы
кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү программасын аткаруу
боюнча чаралар жөнүндө" токтом кабыл алган.
Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону уюшкандыкта
жүргүзүү үчүн мамлекеттик материалдык резервден коюу баасында (1 литрин
17,5 сомдон) же рынок баасынан 6-7 сомго арзан 5 мињ кубометр дизель
отуну бөлүндү.
Сортту жањылоону жана сортту алмаштырууну жүргүзүү максатында То-
вардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комисси-
янын 2007-жылдын 29-августундагы чечими менен үрөнчүлүк чарбаларына
күздүк буудайдын 597 тонна суперэлита жана элита үрөнү бөлүштүрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат
жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан
азык-түлүк буудай данына, ошондой эле анын сорттуу үрөнүнө сатып алуу
баасы белгиленген, ал айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик заемдук
каражаттар боюнча карыздарын жоюуга стимул берет.
Ошону менен бирге 2008-жылдын түшүмү үчүн 285,0 мињ га аянтка дан
өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү программасы Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 241 токтому менен бекитилген, би-
рок ал тийиштүү дењгээлде аткарылбай жатат.
Республикалык мамлекеттик үрөн фондунда 2008-жылдын түшүмү үчүн
күздүк буудайдын 4800 тонна сорттуу үрөнүн топтоо боюнча тапшырма атка-
рылган жок.
2007-жылдын 24-сентябрындагы абал боюнча иш жүзүндө 6695 га аянтка
эгин себилди, бул тапшырманын 2,3 процентин түзөт же өткөн жылдын тий-
иштүү дењгээлинен 10654 мињ гектарга аз. Ош облусунда 3280 га күздүк
буудай себилди, бул тапшырманын 4,8 процентин түзөт же өткөн жылдагыдан
1377 гектарга кеп, Чүй облусунда - 2397 га (2,1%) же өткөн жылдагыдан
4671 гектарга аз.
Талас облусунда күздүк себүүлөр тапшырмада 20 мињ га болсо, 718 га
аянтка себилген, болгону 3,6 процентке аткарылган, Баткен облусунда 195
га, тапшырмада - 17 мињ га, аткарылганы 1,1 процент, Ысыккөл облусунда
- 195 га, тапшырмада 25 мињ га, аткарылганы 0,78 процент.
Күздүк себүүлөр үчүн кыртышты даярдоо өтө жайбаракат жүрүүдө. Чүй
облусуида 61231 га жер айдалган же бул талап кылынган аянттын 45 про-
центи, Баткен облусунда -1045 га, Ысыккөл облусунда - 880 га, Талас об-
лусунда - 749 га.
Күздүк буудайдын үрөнүн себүү кондициясына жеткирүү темпи төмөн.
Жалпысынан республика боюнча 19,4 мињ тонна үрөн же керектөөнүн 29 про-
центи, Ысыккөл облусунда - бар болгону 180 тонна же керектөөнүн 2,4
проценти даярдалган.
Аба ырайынын кургакчылыгына карабастан айдоо жерлерин сугаруу үчүн
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жагынан, айрыкча Чүй облусунда
контролдук жетиштүү жөнгө салынган эмес, мында айдалган 61,2 мињ гек-
тардан 14,1 мињ га айдоо алдында сугарылган. Кыртыш коњторуучу, үрөн
себүүчү айыл чарба техникаларынын, жер айдоочу тракторлордун ремонту
бүткөрүлгөн эмес.
Мунун себеби Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-
тетүү өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министр-
лигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун, жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдарынын уюштуруу иштеринин жетишсиздиги болуп саналат.
Күздүк себүүнү жүргүзүү темпин күчөтүү жана 2007-жылы кылкандуу
дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү программасын аткаруу максатын-
да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2007-жылы күздүк себүүнү жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди
оперативдүү чечүү боюнча тиркемеге ылайык Республикалык штаб түзүлсүн.
Республикалык штабдын жумушчу органы катары Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги аныкталсын.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары республиканын
бардык облустарында жана райондорунда тиешелүү штабдарды түзүү боюнча
иштерди уюштурушсун жана күздүк себүүнү өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу Рес-
публикалык штабга жума сайын маалымат берип турууну камсыз кылышсын.
3. Райондордун жергиликтүү мамлекеттин администрация башчыларына
кыртыштарды өз учурунда даярдоо жана күздүк себүүнү Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 241 "Өстүрүлгөн айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүү
жана 2007-жылы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү прог-
раммасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунда бекитилген көлөм-
дөрдө пайдаланылбай жаткан айдоо жерлерин болушунча камтуу менен опти-
малдуу агротехникалык мөөнөттөрдө жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн жоопкер-
чилик жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономи-
каны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте республикалык мамле-
кеттик үрөн фондунда күздүк буудайдын жана күздүк арпанын сорттуу үрө-
нүн топтоо боюнча иштерди күчөтсүн;
- сортту жањылоону жана сортту алмаштырууну жүргүзүү максатында
республиканын үрөнчүлүк чарбаларына товардык кредит берүү үчүн күздүк
буудайдын 597 тонна суперэлита жана элита үрөнүн сатып алууну бүткөр-
сүн;
- айдоо алдында жерди өз учурунда сугаруу үчүн республиканын айыл-
дык товар өндүрүүчүлөрүн керектүү көлөмдөгү сугат суусу менен камсыз
кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте ата
мекендик азык-түлүк буудай данын өндүрүүчүлөрдү коргоо жана гарантия-
ланган сатып өткөрүүнү камсыздоо максатында 2008-жылдагы азык-түлүк
буудай данынын түшүмүн мамлекеттик сатып алууну уюштуруу механизмин иш-
теп чыксын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-
сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик 2008-жыл-
дын биринчи кварталында мамлекеттик резервге коюу үчүн азык-түлүк буу-
дай боюнча сатып алуу баасын белгилесин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмү менен агроөнөр-
жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 241 " Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү жана 2007-жылы…Постановление · 21.06.2007 · № 241 · Күчүн жоготкон