# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 498 "Инфоком" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 498 "Инфоком" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 498
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58658>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12420/edition/381852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58658.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 498 "Инфоком" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" Токтому (23.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58658

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-октябры № 498

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Инфоком" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө

"Маалыматташтыруу жөнүндө" жана "Электрондук цифралык жазуу жөнүн-

дө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алдында оперативдүү башка-

руу укугунда "Инфоком" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инфоком" мамле-

кеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамле-

кеттик агенттигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасын (мындан

ары - "Инфоком" мамлекеттик ишканасы) белгиленген тартипте мамлекеттик

каттоо жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы "Инфоком"

мамлекеттик ишканасын жайгаштыруу үчүн белгиленген тартипте Бишкек шаа-

рында администрациялык жана өндүрүштүк жай берсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттигине даярдоо, уюштуруу жана тех-

никалык маселелер чечилгенге чейин "Инфоком" мамлекеттик ишканасын

атайын каражаттардын жана башка булактардын эсебинен каржылоого уруксат

берилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө

жана коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөл-

сүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
