Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Инфоком» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 23 июня 2011 года № 339 "Об утверждении Устава Государственного предприятия "Инфоком" при Государственной регистрационной службе при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-23.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-октябры № 498
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Инфоком" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
"Маалыматташтыруу жөнүндө" жана "Электрондук цифралык жазуу жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алдында оперативдүү башка-
руу укугунда "Инфоком" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инфоком" мамле-
кеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамле-
кеттик агенттигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасын (мындан
ары - "Инфоком" мамлекеттик ишканасы) белгиленген тартипте мамлекеттик
каттоо жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы "Инфоком"
мамлекеттик ишканасын жайгаштыруу үчүн белгиленген тартипте Бишкек шаа-
рында администрациялык жана өндүрүштүк жай берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенттигине даярдоо, уюштуруу жана тех-
никалык маселелер чечилгенге чейин "Инфоком" мамлекеттик ишканасын
атайын каражаттардын жана башка булактардын эсебинен каржылоого уруксат
берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө
жана коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөл-
сүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 498 токтому менен бекитилген) "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын УставыУстав · 23.10.2007 · № 498
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү…Постановление · 23.06.2011 · № 339
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-октябрындагы № 560-б (Кызматтык жайлар менен камсыздоо боюнча) буйругуРаспоряжение · 02.10.2009 · № 560-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 08.10.1999 · № 107 · Күчүн жоготкон
- Электрондук цифралык колтамга тууралуЗакон · 17.07.2004 · № 92 · Күчүн жоготкон