# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 479 "Кыргыз Республикасында ички авиаташууну өнүктүрүү боюнча айрым чаралар жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 479 "Кыргыз Республикасында ички авиаташууну өнүктүрүү боюнча айрым чаралар жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 479
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58639>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12401/edition/1142038/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58639.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 479 "Кыргыз Республикасында ички авиаташууну өнүктүрүү боюнча айрым чаралар жөнүндө"токтому (19.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58639

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 19-октябры № 479

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында ички авиаташууну өнүктүрүү

боюнча айрым чаралар жөнүндө

Республиканын ичиндеги аба линиялары боюнча авиаташууну

өнүктүрүүнү стимулдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна авиаташу-

учулардан ички авиакаттамдарды аткарууда аэропорттук тейлөө үчүн кийин

50 процентке жеткенге чейин ар алты ай сайын 10 процентке көбөйтүү ме-

нен жыйымдардын ставкасынан 10 процент гана алуу сунушталсын.

2. "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы авиаташуучулардан

ички авиакаттамдарды аткарууда аэронавигациялык тейлөө үчүн кийин 50

процентке жеткенге чейин ар алты ай сайын 10 процентке көбөйтүү менен

жыйымдардын ставкасынан 10 процент гана алсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын.

- "Авиаташуучуларды ички авиакаттамдарды аткарууда аэронавигация-

лык тейлөө жана Кыргыз Республикасынын аэропортторунун кызматтарынан

пайдалануу үчүн акы төлөтүүдөн бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-июлундагы № 419 токтому;

- "Авиаташуучуларды ички авиакаттамдарды аткарууда аэронавигация-

лык тейлөө жана Кыргыз Республикасынын аэропортторунун кызматтарынан

пайдалануу үчүн акы төлөтүүдөн бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-июлундагы № 419 токтомуна өзгөртүүлөрдү кир-

гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-апре-

линдеги № 146 токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин

күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникадиялар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
