# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябры № 478 "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялык конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябры № 478 "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялык конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 478
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58638>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12400/edition/327800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58638.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябры № 478 "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялык конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58638

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 19-октябры № 478

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого

инвестициялык конкурс өткөрүүнүн шарттары жана

тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы № 397

токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-де-

кабрындагы № 832 "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого ин-

вестициялык конкурс өткөрүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялык

конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобо;

- "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялык

конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын кура-

мы (мындан ары - Конкурстук комиссия).

2.Конкурстук комиссия 2008-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө

белгиленген тартипте "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого

инвестициялык конкурс өткөрсүн жана анын жыйынтыгын Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнө билдирсин.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы № 397 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-

лигинин Жарандык авиация департаменти, "Манас" эл аралык аэропорту"

ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча), Ысыккөл облусунун жана

Ысыккөл районунун мамлекеттик администрациялары инвестициялык конкурска

катышууга кызыкдар инвесторлорго "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун рекон-

струкциялоо долбоорун ишке ашырууга тийиштүү зарыл маалыматтарды бериш-

син.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 19-октябрындагы

№ 478 токтому менен

бекитилген

"Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого

инвестициялык конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык

конкурстук комиссиянын курамы

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 29-декабрындагы № 630 токтомунун,

2008-жылдын 23-июлундагы № 397 токтомунун

редакциясына ылайык)

Бакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башка-

руу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчы-

сы, комиссиянын төрагасы;

Маматалиев А.М. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуника-

циялар министринин орун басары, комиссиянын

төрагасынын орун басары катары;

Комиссия мүчөлөрү:

Сыдыков Б.У. - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик

коомунун президенти (макулдашуу боюнча);

Муканбетов А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башка-

руу боюнча мамлекеттик комитетинин сратегиялык

объекттерди өнүктүрүү жана менчиктештирүү баш-

кармалыгынын начальниги;

Аскаров А.Б. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-

циялар министрлигинин Жарандык авиация департа-

ментинин директору;

Исаков М.А. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минист-

рлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана

жоюу боюнча департаментинин директору;

Исаков М.Ж. - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик

коомунун Долбоорлор боюнча башкармалыгынын уюш-

туруу-техникалык бөлүмүнүн начальниги (макулда-

шуу боюнча);

Алышбаев К.К. - Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация баш-

чысынын биринчи орун басары;

Моњолдоров Д.Ч. - Ысыккөл районунун мамлекеттик администрация баш-

чысынын орун басары;

Неронова Т.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап

турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча

мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик экологиялык

контроль башкармалыгынын начальнигинин орун ба-

сары;

Абарбекова А.М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

Реалдуу секторду каржылоо саясаты башкармалыгы-

нын инфраструктураны каржылоо бөлүмүнүн башчысы;

Карагулов К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкы

башкармалыгынын оперуполномоченныйы;

Сазбаков А.З. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү

жана соода министрлигинин жардам берүү стратеги-

ясын башкаруунун инвестициялык саясат бөлүмүнүн

башчысы;
