Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысыката районундагы Милянфан айылдык кеңешинин жерлерин „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер“ категориясына которуу жөнүндө» Токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 19-октябры № 477
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун
Ысыката районундагы Милянфан айылдык
кењешинин жерлерин "Айыл чарба багытындагы
жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт,
байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер"
категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына ылай-
ык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-
сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык
комиссия менен макулдашылган, "Айыл чарба багытындагы жерлер" категори-
ясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы
жерлер" категориясына жалпы аянты 10,4 га болгон жерди которуу жөнүндө
сунушу кабыл алынсын, анын ичинде:
- жаран Б.Хавазовго жеке менчик укугунда таандык 1,0 га сугат ай-
доо;
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысыката районундагы Милян-
фан айылдык кењешинин 6,7 га сугат айдоосу (огород катары пайдаланыл-
ган) жана 2,7 га айылдын жанындагы жайыт.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-
сы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган айылдык кењештин жерлерин жеке
жана юридикалык жактарга берүүдө "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык
эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн
жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин беки-
түү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралын-
дагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өн-
дүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасы төлөнүшүн
камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Временные Нормативы стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с изъятием сельскохозяйственных угодий для несельскохозяйственных нужд (Утверждены…Нормативы · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 15 апреля 1994 года № 1484-XII "О порядке введения в действие Воздушного кодекса Кыргызской Республики"Постановление · 15.04.1994 · № 1484 · Күчүн жоготкон