# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 473 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 473 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 473
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12395/edition/327795/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58633.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 473 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (18.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58633

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 18-октябры № 473

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин

чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы

N 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен эки тараптуу

мамилелерин андан ары кењейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөр-

дөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы N 626 токтомуна төмөнкүдөй өзгөр-

түүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы "175,5" жана "2631,8" деген сандар тийиштүүлүгүнө

жараша "178,5" жана "2884,7" деген сандар менен алмаштырылсын;

- № 9 тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берил-

син.

2. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигине

кошумча бирдиктерди киргизүүгө байланышкан чыгымдар 2007-жылга Кыргыз

Республикасынын Тышкы иштер министрлиги үчүн каралган каражаттардын

эсебинен жүргүзүлсүн.

Премьер-министр А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 18-октябрындагы

№ 473 токтомуна

тиркеме

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы

Элчилигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын

ӨЛЧӨМҮ

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин | Кызматтык маяна |
| --- | --- | --- |
|  | саны |  |
| Элчи | 1 | 1600 |
| Кењешчи | 4 | 1432 |
| Биринчи секретарь | 2 | 1272 |
| Экинчи секретарь | 1 | 1192 |
| Атташе | 2 | 1032 |
| Бухгалтер - кењсе башчысы | 1 | 1112 |
| Чарба башчысы-айдоочу | 0,5 | 800 |
| Бардыгы: | 11,5 |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
