# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы № 471 "М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театрына "академиялык" деген статус берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы № 471 "М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театрына "академиялык" деген статус берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 471
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58631>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12393/edition/389060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы № 471 "М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театрына "академиялык" деген статус берүү жөнүндө" токтому (24.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58631

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 16-октябры № 471

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма

театрына "академиялык" деген статус берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын театралдык искусствосун өнүктүрүүгө кошкон

зор салымы үчүн жана М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма

театрынын 70 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театрына

"академиялык" деген статус берилсин жана мындан ары ал "М.Рыскулов

атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театры" деп атал-

сын.

2. "Өзгөчө коомдук мааниси бар маданият жана искусство мекемелери-

нин алдыњкы чыгармачыл жамааттарынын кызматкерлеринин эмгек маянасына

үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жыл-

дын 14-февралындагы № 62 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Өзгөчө коомдук мааниси бар

маданият жана искусство мекемелеринин алдыњкы чыгармачыл жамааттардын

тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"12. М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-дра-

ма театры.".

3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр А.Атамбаев
