Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин коюлган Макулдашууга Адамдарды сатууга каршы күрөшүү жагындагы кызматташтык жөнүндө 2006-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында кол коюлган кошумча протоколду бекитүү тууралуу» Токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 13-октябры № 464
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту
коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
менен Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин
ортосундагы 1992-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол
коюлган Макулдашууга Адамдарды сатууга каршы күрөшүү
жагындагы кызматташтык жөнүндө 2006-жылдын 5-сентябрында
Анкара шаарында кол коюлган кошумча протоколду бекитүү
тууралуу
Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту коргоо бо-
юнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Түркия Респуб-
ликасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы 1992-жылдын 23-июлунда
Бишкек шаарында кол коюлган Макулдашууга Адамдарды сатууга каршы күрө-
шүү жагындагы кызматташтык жөнүндө 2006-жылдын 5-сентябрында Анкара
шаарында кол коюлган кошумча протоколдун 11-пунктуна ылайык, "Кыргыз
Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республика-
сынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-
замдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту коргоо
боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Түркия Рес-
публикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы 1992-жылдын 23-ию-
лунда Бишкек шаарында кол коюлган Макулдашууга Адамдарды сатууга каршы
күрөшүү жагындагы кызматташтык жөнүндө 2006-жылдын 5-сентябрында Анкара
шаарында кол коюлган тиркелген Кошумча протокол бекитилсин.
2. Жогоруда аталган Макулдашууда каралган милдеттенмелердин атка-
рылышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-
не жүктөлсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон